Мадумаров “Мен макул эмесмин” кыймылын түзөт

Президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаров “Мен макул эмесмин!” улуттук кыймылын түзмөкчү. Бул туурасында талапкер маалымат жыйынында билдирип, өткөн Президенттик шайлоонун жыйынтыгын таптакыр тааныбай тургандыгын жар салды.

– Кыргызстандан тышкары эмгектенишкен жүздөгөн жана миңдеген жарандарыбыз өз талапкерине добуш берүү укугунан ажырап калышты. Ошондуктан, мен бул шайлоону таптакыр тааныбаймын! Эгерде анын жыйынтыгын таанысак, бул чет өлкөлөрдө эмгектенип жатышкан жүз миңдеген мекендештерибиздин элементардык жарандык укугун – добуш берүүдөн ажырагандыгын моюндаганга жатат,- деп кошумчалады Адахан Мадумаров. Буга улай Адахан Мадумаров шайлоо маалында кыргыз бийлиги кылмыштуу топтор менен кадимкидей алакалашкандыгын абдан катуу айыптады.

– Ошондуктан, чет өлкөлөрдө жана мамлекетибиздин ичинде президенттик шайлоонун жыйынтыгына макул эместерди биригүүнү сунуш этем. Бул максатта “Мен макул эмесмин!” кыймылын түптөдүк, – деди президентик шайлоонун жыйынтыгында үчүнчү орунду ээлеген Адахан Мадумаров.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев президентикке талапкер Адахан Мадумаровдун бул чакырыгын абдан катуу айыптады.

– Адахан Мадумаров шайлоого катышкандардын дээрлик 6,5 пайыз добушун топтоду. Ошентип, үчүнчү орунду ээледи. Албетте, бул жакшы көрсөткүч! Ошого карабастан анын “Мен макул эмесмин!” кыймылын түптөшү, элди көтөрүүгө далбаса жасашы дегеле жышаан эмес! Шайлоонун жыйынтыгын таптакыр тааныбай коюуга дегеле негиз жок! Бул Адахан Кимсанбаевичтин кезектеги эле шум-буму. Жөн эле шайлоочулардын көңүлүн буруу жана алаксытуу аркети!-дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев.

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу