Мадумаров кызматка кызыкпайт экен

Каратып туруп калп айткан кандай кишинин оозуна жарашат билбейм. Жакында белгилүү саясатчы, кооз сөздөрдүн атасы Адахан Мадумаров өзү берген интервьюда “Мен кызматка кызыкпайм, мага керек болсо Акаев учурунда бир облуска губернатор бол же башка бир кызматты берейин”деп сунуштаган, бирок мен андай кызматтан баш тарткам” деп айтты. Бул эми эмне деген кептин учун чыгарып турат.

Өткөнгө саресеп салсак Мадумаров иштебеген иш калган жок, Акаев сунуштаган кызматтардан баш тартканы “андан чоң кызмат бер” дегени экени, ачык эле билинип турат го?

-Ал киши иштен кеткени чоң фугра болуп, үлкөн кызматтарда  турдуңуз, ошондо эмне иш бүтүрдүңүз?- деген суроо берилгенде, Адахан мырзанын ачуусу келип, журналистти кагып жибермек, баштапкы адатын карматып.

Бирок, тилде сөөк жок, ким айтса эле туура боло берет эмеспи. Эмне дейли, аман эле бол дегенден башка сөз жок.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу