Мадеминов эл менен эсептешпейм дейт…

Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов өткөн жумада элди иренжиткен пикир айтты. Мадеминовдун логикасына ээрчисек, депутаттар элге отчет берүүгө милдеттүү эмес экен.

Башкача айтканда, өздөрү каалаган нерсени жасап, эч кимге жооп беришпей турган укуктары бар имиш. «Эсиң барда этегиңди жап», сени ким депутат кылып шайлады эле деген жан жок. «Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт» деген ушул эмеспи.

Мурадыл мырза элден обочо болуп, өзгөчөлөнгүсү келген ой-пикирди эмне максатта айтгы ким билсин, бирок муну менен көзүн май басып калганын көрсөттү. Көздү май басканда жаман болчу эле.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу