Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Султан Жумагуловдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен жеке булактар билдирди.
Маалыматка караганда, Султан Жумагуловдун талапкерлиги эртең, 31-октябрында Жогорку Кеңештин тийешелүү тармактык комитетинде каралат.
Эске салсак, буга чейинки министр Түгөлбай Казаков 28-октябрда кызматынан кеткен.
Султан Жумагулов белгилүү журналист. Ал Кыргызстандын Маалыматтык саясат концепциясы боюнча долбоорун иштеп чыгуу боюнча топтун эксперттик мүчөсү. Учурда Президенттик аппараттын жетекчисинин кеңешчиси.