Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов кызматтан бошотулду.
Маалым болгондой, Бекманбетов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Белгилей кетсек, кечээ, 23-майда өкмөттүн отурумунда маданият, Фархад Бекманбетовду кызматтан алуу маселеси көтөрүлгөн болчу.
Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиевдин айтымында, отчёттук мезгил учурунда өкмөт тарабынан 6 жолу музей иштери боюнча документтерди даярдоо тапшырмасы берилген. Бирок тапшырма аткарылган эмес. Ага байланыштуу Осмоналиев министрдин орун басарын ээлеген кызматынан четтетүү маселесин кароо сунушун киргизген.
Эске салсак, Фархад Бекманбетов 2016-жылдын 16-февралында аталган кызматка дайындалган.
Булак:Каганат