Мавлян Аскарбеков, жаш саясатчы: “Эртең президент болом дегендер селфи кылып олтургандары туура эмес”

Эртең президент болом дегендер селфи кылып олтургандары туура эмес. Парламент кечээги окуя боюнча эмнеге унчукпайт. Мени фракция лидерлерине айтарым тез аранын ичинде Жогорку Кеңеште отурум уюштуруп, мамлекетте болуп жаткан ички саясаттагы баш аламандыкты иретке келтириши керек. Биз мамлекетти сактап калышыбыз зарыл. Минтип олтурсак мамлекеттин келечегин жоготуп алабыз. Мына Дача-СУУдагы кырсыктын айынан кыргыздын алманчоктой болгон балдары каза тапты. Россияда жүргөн мигранттардын канчасы каза болуп жатат. Биз жаштар мамлекетти сактап калышыбыз кекрек,- деген пикирин билдирди бүгүн 27-мартта маалымат жыйында жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков.

Андан сырткары, Мавлян Аскарбеков 25-мартта болуп өткөн укук коргоо органдары тарабынан жаш балдардын сабалышы тууралуу нараазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу