Мавлян Аскарбеков, Биринчи Май районунун акиминин орун басары: «Чындап өзгөрүү, өнүгүү болот деп ишеним артып турабыз»

— Мавлян мырза, Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп дайындалышың менен куттуктаймын.

— Саламатчылык. Рахмат.

— Атамбаев бийликте турган учурунда анын саясатына каршы ачык күрөшкөнүң, туруктуулугуң азыркы жетекчилерге жагып, ушул кызмат орду сунушталдыбы?

– 2005 жана 2010-жылдары, биз жаштар өз өмүрүбүздү тобокелге салып, өзгөрүү, өнүгүү болсун деген тилек менен аянтка чыкканбыз. Тилекке каршы, биздин үмүттөргө суу сээп, бийликке келгендер элибизди, мамлекетибизди тоноо менен алек болушту. Акыркы 8 жыл, өткөн бийликтин туура эмес иштерин ачык айтып, акыйкаттык, чындык, эркиндик үчүн бекем туруп, коррупционер, уурулар менен күрөшүп, куугунтукка, басымга калдык. Жаңы Президент, жаңы бийлик, 27 жылдык тарыхта болуп көрбөгөндөй кадамдарга барды, экс-премьер-министрлер, кол тийбес саясатчылар, ири коррупционерлер камалды. Коррупция менен мындай күрөштү биз, эл колдоп, эми чындап өзгөрүү, өнүгүү болот деп ишеним артып турабыз. Президент менен жолугушууда, коррупция менен күрөшүүгө кол кабыш кылууну суранган, Мэр тарабынан кызмат сунушталып, коррупция менен күрөшүүнү, шаарыбыздагы мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы чогуу турууну туура көрдүм.

— Акимдин орун басары болуп дайындалган күнү Атамбаевдик бийлик сени сот аркылуу 50 миң сомго доого жыккан чечим Жогорку сот аркылуу жокко чыгарылды. Мурунку бийлик сага кылмыш ишин ачуу менен Дача-СУдагы маселенин козголушун жаап-жашыргысы келгени ачыкталдыбы?

— Дача-СУдагы кырсыкта 40 адам набыт болуп, бир топ үй-бүлө жапа чекти. Жүктүн ээси жөнөкөй жаран, катардагы саясатчы болгондо, эчак камалып кетмек. Жүк кимге тиешелүү экенин эл деле билип турат. Жүктүн ээси аныкталсын, жоопко тартылсын, элге компенсация акыйкат бөлүштүрүлсүн, коопсуз жайга көчүрүлсүн деген талаптар үчүн мага кылмыш ишин козгоп, оозумду да, өзүмдү да жаап коё ташташты. Бир жума ары-бери болгондо мени камап тынышмак. Жогорку сот тарабынан шаардык соттун чечими күчүндө калтырылып, менден жаза чаралары алынып салынды.

— Дача-СУ маселесин көтөрүп, чындык үчүн күрөшпөдүңбү. Сырдуу жүктүн ээси ким экени ушул күнгө чейин ачыкталбай келет. Сенин бул тууралуу божомолуң барбы?

— Ооба, божомолдор бар, эл деле жүк кимге тиешелүү экенин билип турат, бирок фактылардын жоктугуна байланыштуу айта албайм.

— Жарандык коомдун активдүү мүчөлөрүнүн бири болуп, ар дайым алдыда жүрөсүң. Азыр Атамбаев жарандык коомду өзүнө тартууга аракет кылып жатат. Бул аракетинин майнап чыгабы?

— Ооба, түркүн саясатчылар менен жолугушуу өткөзүп, чагымчыл иштерин пландап жатканын угуп калам. Мен эле эмес жалпы эл, 8 жылда бир топ эле кордук көрдүк, кандай саясат жүргөнүн да билдик. Жапырт эл кимдин ким экенин жакшы түшүнүп, экинчи ирет алданбайт деген ойдомун.

— Сен бийликтин катачылыгын түз айтып көнгөн адамдардын бирисиң. Азыркы бийлик дагы чоң катачылыктарга жол берсе, аны да ачык айтып чыгасыңбы же кызмат орду керек деп унчукпай олтура берген позицияга өтөсүңбү?

— Биз, акыйкаттык, чындык, эркиндик үчүн, коррупционер, ууруларга каршы күрөшүп келгенбиз, бул күрөшүбүз токтобойт.

Маектешкен Акдил Тагаев

Булак: “Жаңы ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу