Мавлян Аскарбеков, Биринчи май райондук администрация башчысынын орун басары: «Соттон акталышым кызматка келишим менен байланышпайт»

Жарандык активист, “Жаңы муун” партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков Биринчи Май районунун акиминин турак жай коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов 2-октябрда кол койду. Аскарбековдун Жогорку Соттон акталып чыгаары менен, мамлекеттик кызматка дайындалышы коомчулукта ар кандай күбүр-шыбыр кептерди жаратты. Эске салсак, Мавлян Аскарбеков “бийликти басып алууга элди үгүттөө” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 1,5 жылдан бери соттолуп жаткан. Жогорку Сот аны толук актап чыгарды. Бул ийгилик же, жетишкендик кандайча болду? Кантип дароо мамкызматка отуруп калды? Бул суроолор бизди да кызыктырды.

— Мавлян мырза, жаңы кызмат ордуңуз кут болсун. Соттон акталып чыгып эле мамлекеттик кызматка дайындалаарыңыз коомчулукка жаңылык болду. Өзүңүз күткөн окуя беле?  

— Ачыгын айтсам, акимдин орун басары болуп дайындалганым тууралуу маалыматты сизден биринчи уктум. Бирок, буга чейин жолугушуулар болгон, мага кызмат сунушташкан. Анда мен ишим сотто каралып жатканын айтып, “акталып чыкмайынча макулдук бере албайм” дегем.

— Соттон акталышыңызга ошол сизге кызмат сунуштаган кишилердин жардамы болду деп түшүнсөк болобу?

— Жок, албетте. Менин ишиме эч ким эч кандай жардам берген жок. Анткени, буга чейин шаардык сотто эле менин 50 миң сом айыппул мамлекетке төлөп берүү жана чет мамлекетке чыгууга бөгөт коюу чечимин жокко чыгарган. Ошол чечим мыйзамдуу экенин Жогорку Сот күчүндө калтырды. Иштин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, кыскартты. Ошондуктан, бул эки ишти байланыштырып болбойт.

— Сизге карата козголгон кылмыш иши боюнча камакка алуу талабы коюлду эле. Андан кантип кутулдуңуз?

— Атамбаевдин бийлигинин убагында каргашалуу учак Дача-СУга кулап, андан 40ка жакын адам набыт болду. Кан жутуп, кайгырып турган эл менен жолугушуп, алардын “күнөөлүү адамдар жоопко тартылсын”, “тургундар коопсуз жайга көчүрүлсүн” деген талаптарын бийликке жеткирүү аракеттерин кылып, бир нече ирет митингдерди өткөрдүк. Бардыгы конструктивдүү, мыйзам чегинде болгон. Ошого карабай, ошол кездеги бийлик УКМК тарабынан мага карата негизсиз кылмыш ишин козгоп, 1,5 жылдан бери УКМКда, сотто жүрдүм. Мени Биринчи май райондук соту тарабынан камоо талабы коюлган. Сот залынан камашмак. Процесс жүрүп жаткан, эртең чечим чыгат деген күнү УКМК башчысы Сегизбаев, Башкы прокурор Жолдубаева, ИИМ башчысы Исраилов кызматтан кетишти. Мен камалбай калдым… 2-октябрь күнү Жогорку Сот акыры бул мыйзамсыз ишке чекит койду.

— Сыр болбосо, качан, кимдер сизге кызмат сунушташты?

— Сыр деле эмес. Сунуш мэрия тараптан болгон.

— Суракматов өзү сунуштадыбы?

— Тагыраагы, Суракматов мэр болуп келгенден кийин. Негизи биз шаардык маселелерди көп жылдан бери көтөрүп келебиз. Бакчалар, балдар аянтчалары, жер маселеси, тазалык, коомдук транспорт ж.б. көптөгөн маселелер боюнча акыркы 8 жылдан бери мэрлерге кабыргасынан суроо коюп келебиз. Мэр эле эмес, шаардык кеңештин депуттары менен тирешкенге чейин барганбыз, эсиңиздерде болсо. Азыркы бийлик тараптан иштешүү сунушу болгону, мен үчүн сыноо деп эсептейм. Мурунку бийлик бизди куугунтуктап, мыйзамсыз иш козгоп, жеке жашообузга кийлигишип, коркутуп-үркүтүп келген болсо, азыркы бийлик биздин конструктивдүү сунуштарды угуп, бизди иш менен сыноо жолуна өттү деп түшүнүп жатам. Дагы бир жолу айтам, акимдин орун басарлыгы чечим кабыл ала турган кызмат эмес. Чечимди мэр жана аким чыгарат. Акимиятта эч кандай казына жок. Коррупция болушу мүмкүн эмес.

— Ошол эле сиз айыптап жаткан атамбаевдик бийлик деле сизге кызмат сунуштаган экен?..

— Туура. Атамбаевдин бийлигинин тушунда деле мага кызымат сунушташкан. Мага эле эмес, оппозицияда жүргөн активдүү жаштардын көбүнө. Бирок, ал сунуштар “Жаңы муундун” өкүлдөрүнөн кутулалы, жаш оппозиционерлердин үнүн басалы, же дискридитация кылып, коррупцияга аралаштырып, камап салалы деген максатта болгон. Мен жана ошол жаштар принципиалдуу көз караштар менен Атамбаевдин саясатына каршы турганыбызга байланыштуу андай сунуштарды четке кагып келгенбиз. Бүгүн эми жаңы бийлик жаңы кадамдарды таштап жатат. Көрүп жатасыздар, тарыхта болбогондой, экс-премьер-министр, мэр, мурдагы президенттин эң жакын адамдары, айтор, кол тийбес адамдар түрмөдө отурушат. Ушул күрөш чындап улана турган болсо, ушундай калыс саясат жүрө турган болсо, эмнеге биз бийликти колдоого албашыбыз керек, салымыбызды кошпошубуз керек?

Динар Турдугулова    

Булак: «Азия Ньюс» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу