Лутфилла Бусурманкул уулу: «Балдарды уруп тамаша тартам деп жатып элге жаман көрүнүп алдым…»

Лутфилла  мырза, эл талкуу жаратып жаткан видеону эмне максатта тарттыңар эле?

— Ал видео Темир Дамирбековдун Сүлүктүдөгү концертинен кийин 21-мартта тартылган. Чыгармачылыктагы балам Мурадил Данияровдун бир досун 1-апрель күлкү күнүнө карата тамашалоо үчүн тартканбыз. “Биз ушинтип урушуп кеттик, эми такыр иштешпейбиз” деп Мурадил ага видеону жөнөтмөк. Бул идеяны Мурадил өзү киргизген. Тилекке каршы, биздин видео ага чейин 25-мартта эле чыгып кетти. Видеону Темирдин тууганы өз уюлдук аппаратына тарткан, бизге вотсап аркылуу жиберип коймок. Кийин анын телефону бузулуп калып, оңдоочу жайга алып барыптыр. Видео ошол жерден тарады деген божомолдорубуз бар. Социалдак тармактар эле эмес, коомдук каналга чейин чыгып кетет деп ойлогон эмеспиз.

— Видеодо сиздин одоно жаман сөздөрдү айткан жерлериңиз бар…

— Ооба, “эмоцияңыз менен тарталы, кичине сөгүнүп коюңуз, антпесеңиз эч ким ишенбейт дешкен. Мен актёрлук чеберчиликти ашырып ийген окшоймун да. Жаныбызда Нурдөөлөт Копоев дагы бар болчу. Ал “ай-ий, силер катуу актёр экенсиңер” деп күлгөн. Кантип тартканыбызды тартуу учурундагы видеодон деле көрсөңүздөр болот.

— Аны элге актаныш үчүн кайра барып тартып келди деген пикирлер көп болуп атат…

— Кайра Сүлүктүгө чейин барып тартып келгенге биздин убактыбыз жок. Бул кадимки эле тамаша болчу. Тамаша тартам деп жатып элге жаман көрүнүп алдым. “Эл каптаса сел болот” деген чын экен.

— Андан мурда эле Мурадилге нааразычылыгыңызды билдирип, мындан ары иштешпей турганыңызды айттыңыз эле?

— Туура. Негизи мен Мурадилге өз баламдай кам көрдүм. Чыгармачылыктын чыйыр жолуна кошуп, сегиз айдын ичинде Кыргызстанды түрө кыдырып ыры хит болду, атүгүл борборго өзгөчө жасалгалоо менен концерт беүүгө жетиштик. Жасалгага эле миң  доллар кеткен.“-Мурадил Данияров” деген ат менен самын, блокнот, папка, футболка, календарь чыгарткам, аларга болсо 500 миң сом кетиргем. Мен ошентип концертке акча жеткире албай жатсам, Мурадил менден жашырынып тойлорго чыга баштаган. Муну билип алып жиним келген. Эгерде ошончолук эле акча керек болуп жатса мен деле таап бермекмин деп капа болуп, келишимди токтотком. Көрсө, Мурадилди командадагы эле балдар “Лутфилланы башыңа чыгарып алыптырсың , сен аркылуу акча таап атат” деп бузушуптур. Аны менен иштешпей калгандан кийин Темир Дамирбеков менен иштеше баштагам. Ал эми Мурадил депрессияга түшүп, кыйналып жатканы тууралуу маалыматтарды тааныш, досторунан угуп жүрдүм, жада калса сүрөттөрүн сала башташты. Өзү дагы улам билдирүүлөрдү жазып жатты. “Кечирбесеңиз башка мамлекетке кетем” дегенин укканда кайра эле жарашып, колумдан келген жардамымды берем деп ниет кылып жүргөм. Анан Жалал-Абаддагы концертке барсам, чыгармачыл инсандардын башын топтоп келип кечирим сурады. Ошондон кийин баламды кечирип, экөөбүз ишибизди улантканбыз. Мурадил айланасында көп саткын достору бар экендигин түшүндү, айтор, бул аралыкта кимдин ким экендигин иргеп алдык. Мурадилдин жыгылганын көрүп сүйүнгөндөр көп болду, эми аларга көргөзөбүз.

-Азыр балдарыңызга таланты катуу койсоңуз керек?

— Балдарыма койгон негизги талабым — жоопкерчиликтүүлүк жана сөзгө тургандык. Кара костьюм кийип келем деп коюп ак костьюмчан келбеши керек. Саат жетиде белгиленген жолугушууга 5-10 мүнөт калганда барып калышы керек. Мурадилдин бетинде жагымдуу уячасы бар, ошондуктан сахнада жылмайып жүр дейм. Ал эми Темир жакшы бийлейт, бирок сахнада жакшы эле бийлеп жатып токтоп калат, ошондуктан акырына дейре бийле деп айтам. Балдарымды көзөмөлдөп туруу үчүн Мурадил, Темир жана менеджер балабызды борбордун так ортосунда жайгашкан батирге чогуу чыгаргам. Алар батирдин акчасы, коммуналдык төлөм, тамак-аш, кийим сыяктуу чыгашаларды ойлонушпайт, баарын мен камсыз кылам. Ошентсе да өтө ак кол кылып тарбиялагым келбейт, концерттин афишалары кандай кетип, ага кандай сүрөт керек экендигинен бери тажрыйба жүзүндө үйрөтөм. Күнүгө алдын-ала түзүлгөн график менен иш кылышат, анда китеп окуу, машыгуу залына баруу сыяктуу нерселерден бери жазылган.

— Өзүңүз жеке ырчы катары чыктыңыз эле, өз чыгармачылыгыңызды балдарыңыз үчүн таштадыңызбы?

— Мен жакшы мугалимдерден вокалдан сабак алгам, үнүм жакшы эле. Биринчи устатым Ибрагим Жунусов агай болгон, андан кийин Эмил Балтагулов менен иштештим. Гүлшайыр Садыбакасовага барганда менин жашоого болгон көз карашым өзгөргөн. Гулшайыр эже “аппараттын шнурун түргөндөн баштап мага үйрөткөн. Унаа айдаганды да эжеден үйрөнгөм. Алгачкы жолу сахнага 2004-жылы ырдап чыктым. Бирок өзүмдү жарнамалай албайт экенимди түшүнүп, бул чөйрөдөн алыстап кеткен элем. Өнөр ички дүйнөңдү туйлата берет экен, буюрса, кайра ырдап чыгам. Бирок ырдагандан өзүм тартына берем. Ырдагым келсе балдарымды кетирип туруп өзүмчө калганда ырдайм, эмнегедир алардан уялам. Анын үстүнө продюсер болгондон кийин балдарыңды эле алдыга коё берип, озүң артта калат экенсиң. Азыр “балдарды эмне кыласьң, андан көрө өзүң чык” дегендер болот. Мен жүрөгүм каалаган ишти кылам.

— Продюсердин иши канчалык түйшүктүү?

-Канат Култаев теледе иштеп жургөндө продюсерлик жөндөмүмдү байкап калып, бирөө менен иштешип көрүүнү сунуштаган. Чынында продюсерликте өзүнө жасабаган жумушту саат бирөө үчүн ойлоносуң. Сен иштешкен адам тарбиялуу болсо, баркыңды билет, болбосо бетиңе бирди, артыңдан башка сөз сүйлөп эки жүздүүлүк кылып алдап жүрө берет. Ушинтип жүрүп өзүң тууралуу унутуп калган учурлар болот. Гастролдоп, жумуштар менен үйгө түндө келип жүрүп үй-бүлөмө, жеке жашоомо көңүл  бурууга убакыт таппай калам.

— Баарын каржылаган-га каражатты кайдан аласыз?

— Өзүм биринчи курсумдан баштап иштеп, өз контрагымды, чыгашаларымды өзүм тапчумун. Кытайга концерт коюп барган-да мандарин, куручтерду дуцунен сатып келип, ба-зарга сатып эжемдин one-рациясына керектелуучу каражатты тапкам. Өз жашоомдогу мисалдарымды балдарыма “ата-эне бир туугандарга оорчулук келтирбегиле, акча сурабаыла. Аларды бакчу силерсиңер” деген сөздү  көп айтам. Кунумдук кийим, баскан-турган, тамак-аш, батир-ден баштап чыгармачылыктагы бардык керектөөлорүнө чейин каражатты өзүм табам. Мурадил менен иштешип баштаганда насыяга 300 миц сом, дагы бир досумдан он миц доллар алгам. Ал акчага жацы костюмдарды тиктирип, ыр жаздырганбыз. Андан кийин дагы насыяга акча алгам. Буюрса, насыяла-рыбыздан кутулабыз, ал-ганыма окунбейм. Ал эми тойлордон тушкен каражат кунумдук керектеелеруне эле кетет. Азырынча бадарымдан мага кирешере элек, тескерисинче мен чыгаша болуп жатам.

— Болгон окуя келинчегиңизге оор тийсе керек?

— Мен продюсерлик иш-тен тыкары “Пирамида” каналында музыкалык продюсермин, тойлордо тамадалык кылам. Кээде тамадалыктан тапкан каражатты балдарыма жумшап ийип, келинчегим нааразы болуп калат. Ал эми жашы-рынып тойго чыккандарды укканда “токтот” деп урушат. Баары бир аялзаты да, жүрөгү менен кабыл алат экен. Комментарийлерди окуп алып аябай жаман болуп жүрдү. “Бул жактагы комментарийлерди окубай эле кой ээ” деп мени аяп турду.

— Канча балага ата болдуңуз?

— Келинчегим Жаркынай өзүмдүн эле классташым болчу, экөөбүз кошуна да жашачубуз. Экообуздун сүйүүбүз жетинчи класстан эле башталган, үйлөнөрдө да жетелешип алып үйгө кирип барганбыз. Азыр эки баланын ата-энеси болдук. Улуу балам Кутман чыгармачылыкка жакын, Гүлжигит Калыков менен Айжамал Кабылованын клиптерйнде тартылган. Эми казактардын бир тасмасында ойноого сунуш тушуп жатат

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу