Лунара Мамытова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Мамытова Лунара Улукбековна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу