Лунара Мамытова: Пенсияга пенсионерлер чет өлкөгө чыгып эс алып келсе болот

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин 24-сентябрдагы жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилерин, алардын ичинде министрдин орун басары Лунара Мамытованы дипломатиялык паспортун жеке максатына колдонот деп күнөөлөгөн. Буга жооп катары Лунара Мамытова өзүнүн соц баракчасына төмөндөгү пикирин калтырды.

— Германия, Бельгия , Турция, Египет, Америка ж.б. өлкөлөргө мен мурун эле барып келгенмин. Министрликке келгенге чейин эле. Өз каражатымдан. Себеби менин девизим-Дүнүйө чогултпай, дүйнө кыдыр! Ошондо ички дүнүйөн кеңейет, чоңоесун, акылына акыл кошулат. 198.5 км2 жерден башка да толтура жер бар. Каткан акчаңды чыгар.

Ооба баягы кара күнгө деген. Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогулткандай, топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялыңдагы бир мамлекетке бар. Мен ошондой пенсионерлерди билем, жыл сайын саякатташат. Жашоо маңызы…Генетикалык кедейчиликтен арылуу… Эртеңки күн бүгүн башталат.

Эртең, кечээ абстракттуу. Бүгүн да. Ушул мүнөттөр гана бар. Көрө албастыкты токтот. Шылтоолорду, актанууну да. Бирөө жөнүндө кыпындай да жаман ойлобо. Ушак сүйлөбө. Жазба да. Укпа да. Жашаш керек. Болгондо да бактылуу жашаш керек. Бул менин жеке аккаунтум, бул себептен мотивациялык гана сүрөттөрдү тартуулагым келген жана келе берет. Бактылуулук көрсөткөн. Сүйүү көрсөткөн. Кайгы-капа ансыз деле жетиштүү. Жашыра турган эч нерсе жок. Адам болуңуз. Күн сайын, мүнөт сайын…Бар бол жана дайыма эсиңде болсун, азыр жашап башта, зыяныңды эч бир инсанга тийгизбе.

Жолдо турган ар бир кабанаак итке токтолуп, убакыт текке кетирбе. Жашоо сонун карачы?!

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу