Ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин жоболорун Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 341-беренесине ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Ага ылайык эгерде зайымчы белгиленген мөөнөттө зайымды тындырбаса, ломбард бир айга тең келген жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде күрөөгө коюлган мүлккө өндүрүп алууну багыттоого укуксуз деп белгиленген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу