Ли Куан Ю: Сингапур коррупцияны кантип жеңген?


40 жыл ичинде эң кедей Азия өлкөлөрүнүн ичинен Сингапур Азия ажыдаарына  кантип айланды?

Эгемендүүлүк алган жылдары Сингапурда паракорчулук, өлкө казынасын уурдамай кадимки көрүнүшкө айланган. Өлкөдө жаратылыш ресурстары тартыш болгон. Жер астынан чыккан сууну, курулуш топурагын сырттан импорттоп келишкен.

 Калктын басымдуу катмары сабатсыз келип, өз укугун билген эмес. Мамкелетти бул абалдан 1959-жылы “Элдик кыймыл” партиясы менен жеңишке жетип премьер-министрлик орунга келген Ли Куан Ю чыгарган. Жарым кылымга жетпген убакытта аталган өлкө дүйнөдөгү эн бай жана онүккөн мамлекетке айланды. Ли Куан Ю коррупцияны жеңген башы реформалары тууралуу алдыдан билип алыңыз.

  • Ли Куан Ю:  “Коррупцияны жеңем десең, досторуңду жана бир туугандарыңды темир тор артына жибергенге даяр бол”- деген сөздү карманган.

 

  • Ал коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүү бир жолу бул атка минерлердин айлык маянасын көтөрүү деп билген. “Стабилдүү камсыздандырылган бийлик – өлкөнү ийгиликтүү башкаруунун кепилдиги.”

 

  • КИБтин негизги функциялары болуп кызматынан кыянаттык менен пайдаланган мамлекеттик кызматкерлерди соттун уруксатысыз кармоо жана банк эсептерин кылдаттык менен текшерүү жүргүзгөн.

  • Пара алган чиновник жумушунан, пенсиясынан ар кандай жеңилдиктерден айрылган.

  • Мыйзамга ылайык 1989-жылы КИБ коррупциянын айып пулун 10 миң сингапур долларынан, 100 миңге көтөрүп салган.

  • Жеке мүлкү жөнүндө жалган көрсөтмө бергендер катуу жазаланган. Андан сырткары КИБ Ли Куан Юну үй-бүлөсүн жакындарын текшерүүгө алып келген, бирок эч нерсе таба алган эмес.

Коррупцияны изилдөө бюросу Сингапурлуктарга Британиянын колониялык бийлигинен калган. Бюронун мүдүрү түздөн түз өлкө премьер-министрине баш ийип, катуу жоопкерчиликти карманган. КИБтин иш аракети менен бир топ федералдык министрлер, коомдук ишмерлер, профсоюз башчылары, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери темир тор артына кеткен.

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу