Лира: «Өгөй атама өмүр бою ыраазымын…»

Таяктын эки учу, тыйындын эки бети бар экенин эч ким танбайт.Караңгыны жеңчү жарык, жаманды жойчу жакшылык да арбын бул жашоодо.Бирок биздин коомдо жагымсыз окуялар барган сайын кѳбѳйүп, элдин ишеними ѳчүп барат.Аялдар күйѳѳлѳрүнѳн кордук кѳрүп, жаш балдар ѳз ата-энелеринен запкы жеп жаткан маалда жашоодо мээримге бай инсандар бардыгын айткысы келген окурман табылды.Болгондо да ѳгѳй атасына карата балалык сүйүүсү менен терең ыраазычылыгын билдирип, жакшы аталар да бар экенин жар салгысы келет.Ылайым ушундай болсун деген тилек менен бул баянга да орун бердик.

«Атам менен апамдын ажырашуусу»

Жашоомдо мына ушундай аталыштагы күндѳр болуп ѳткѳн.Бирок ал күндѳр тууралуу кѳп деле эстегим келбейт.Антсе дагы баамчыл балалыгымдын эсинде кара так болуп калган ал учур менде элес-булас сакталып келет.Билгеним: атам иччү.Апам аны менен дайыма урушчу.Экѳѳ кѳп учурда урушуп атып мушташа кетишчү эле.Апам кыйкыра берчү, ыйлай берчү.Атам сѳгүнүп, идиш аяктарды талкалап, жерди муштагылачу.Мен болсо дайыма эшиктин артына жашынып алып ыйлап отура берчүмүн.Аябай коркчумун.Атам менен апам урушуп бүткѳн соң апам келип каалганы жапчу да, мени жетелеп барып бети-колумду жууп келчү.Ушинтип жашап жүрүп эле бир күнү апам экѳѳбүз борборго кетип калдык.Айылга барабыз го деп ойлочумун, биз жок атам кантип жашап жатты экен билгим келчү.Бирок апам мага айыл тууралуу да, атам тууралуу да сѳз кылба деп эскерткен.Анткени алар ажырашып кетишиптир.

«Сен тирүү жетимсиң»

Апам мени ээрчитип алып ар кандай иштерди кылып, кечинде акча алып үйгѳ барып жегенге бир нерселерди алчубуз.Апам дайыма капалуу жүрчү.Кээде эле мени кучактап ѳпкүлѳп, чачымдан сылап-сылап койчу.Андайда кубанып калам.Анан атам тууралуу эптеп сурагым келет.Бирок сурасам эле урушарын билем да, айла жок ичимден тынам.Атам келип калаттыр деп ойлочумун.Бирок ал таптакыр келбей койду.Бир жолу базардан кошуна эжеге жолугуп калдык.Апам экѳѳ кичине сүйлѳшүп турушту.Атам тууралуу качан сүйлѳшүшѳт деп күтүп жаткам.Бирок биз кете турган болдук.Ошондо ал эжеден «атам бизди качан алып кетет экен.Айттыбы сизге?»деп сурап жибердим.Апам менин жетелеп турган колумду катуу силкип, алып жѳнѳдү.Байкатпай ыйлап бараттым.
Үйгѳ келгенде апам «эмне «атам эле атам» дейсиң? Жыргаткан атаң болсо жыргап жатат элек го айылда.Атаң жок сенин.Атаң арактын алдында калды, бѳтѳлкѳнүн түбүнѳ түшүп ѳлдү.Сен тирүү жетимсиң.Уктуңбу?Атаң сени тирүүлѳй жетим кылды» деп ыйлады.Экѳѳбүз кучакташып алып кечке ыйладык.

«Менин да атам болсо»

Кызым, сен окууга кийинки жылы бар, ээ. Быйыл мен кѳп акча чогултайын.Сен мага жардам кылып үй жыйнашып, чыны жууп тур.Ошондо акчабыз бат чогулат. Быйыл окууга барам деп дегдендеп жүргѳн мени апам ушинтип алдады. Макул болдум. Айылдагы курдаштарымдын мектепке барчуларын эстеп, күн бою аларды ойлоном.Апам мени батирге калтырып кеткенге санаасы тынбай койду окшойт, таң атпай туруп чай ичип алып бир эженин үйүнѳ барабыз. Апам алардын үйүн жыйнайт. Андан чыгып бир кабат үйдүн тепкичтерин жууйбуз. Андан келип апам биз жашаган батирдин короосун да тазалайт. Мен апамдын жанында чака, шыпыргысын ташышып жүрѳм. Күн да, түн да оюмда атам.Кантип тирүү жетим болуп калдым деп ойлоном.Бирок тирүү жетим деген кандай болот эч түшүнбѳйм.Апамдан сурайын дейм, бирок урушабы деп корком.Акыры келип мен абдан аталуу болгум келет.Атам болсо деген кыялым эске түшкѳндѳ кубанып кетем.Анткени менин да атам болсо ошол жылы мектепке бармакмын.Атам мага ак кѳйнѳк, ак бантик, сумка, дептер сатып бермек.Баарын кыялданып чыгам.Аягында андай болбосуна, атамдын жоктугуна ичим күйѳт.

«Эми мен сенин атаңмын»

Ушундай окшош күндѳрдүн биринде батирдин ээси Нурдан байке биздикине келип чай ичти. Кыштын ызгаар күндѳрү жаңы башталган эле. Мен апамды жумуштарына ээрчибей үйдѳ калчу болгом. Мен уктай берем, апам ишке кетет. Мен ойгоноорум менен Нурдан байке келип мага тамак берет. Ал үйүнѳн сонун тамактарды алып келип берчү мага. Бир күнү апам жумушка чыкпай калды. Эртеси да барган жок, мындан ары иштебей турганын айтты. Аябай кубандым. Ошол күнү Нурдан байкенин үйүнѳ барып тамак ичип, телевизор кѳрүп кечке отурдук. Эрте менен ойгонсом ѳзүбүздүн үйдѳ эмес Нурдан байкеникинде экем. Ашканага барсам апам экѳѳ чай ичип отурушуптур. Мен да жыргап отуруп тамактандым. Анан байке мени эшикке алып чыгып муз тептирди, кичинекей аяз ата жасап берди, колумду жылытып берди. Үйгѳ жетелеп алып келип, суу болгон ѳтүгүмдү жылыткычына жайды. Анан «Лира, мен сени аябай жакшы кѳрѳм. Мага кыз бол ээ. Эми бүгүндѳн баштап мен сенин атаң болом» деди.Мен аябай кубанып, аны мойнунан кучактадым.

«Апам урушат, атам болушат»

Ошентип апам, Нурдан байке, мен болуп үчѳѳбүз жашап калдык. Ошол жылы мен окууга бардым. Атам мага кыялымдагынын баарын сатып берди. Апам ооруп калып мептепке да ѳзү алып барды. Баса, мени ѳзүнүн фамилиясына да каттатып алган. Мектепке барчу күнү короодогу гүлдѳрдѳн үзүп гүл десте жасап коюптур. Мен гүлдү, атам менин китепкабымды кѳтѳрүп алып мектепке барганбыз. Ал мага ырларды, жаңылмачтарды жаттатчу, жомокторду айтып берчү. Апам болсо биз мене иши жок үй иштери менен алек. Баары иним Жоодар тѳрѳлгѳндѳ бузулду. Апам ооруканадан чыгып келген күндѳн баштап мени уруша берчү болду. Баласына мени жолотпой атасына эле кѳрсѳтѳт.Бирок атам мени бѳлбѳйт. Жоодарды экѳѳбүз чогуу карап, чогуу эркелетебиз. Апам эле колумду тийгизип койсом же катуу күлүп койсом эле «эй кыз, жолобо.Эй кыз, баланы чочутасың» дей берчү. Ыйласам атам мени ээрчитип башка үйгѳ кирип алчубуз же эшикке чыгып кетчүбүз. Анан атам мага «бѳбѳгүңдү апаң жокто ѳѳп алабыз ээ» дечү.

«Ѳгѳй экенин мойнума алгым келбейт»

Мына менин балалыктан калган эскерүүм. Азыр да ѳгѳй дегенге оозум барбай турат. Деги эле мага ѳгѳй экенин мойнума алгым келбейт. Бирок окурмандарга түшүнүктүү болушу үчүн гана «ѳгѳй» деп айтам. Жогорудагы баянда белгилүү болгондой ѳгѳй атам мага ѳз атам бере албаган мээримди берип, ѳз атамдан миң эсе артык кам кѳрдү. Анын мындай мээримдүүлүгү кеч турмуш куруп, бала жытын кеч жыттаганынан окшойт да. Балким табиятынан ушундай жакшы адам болуп жаралгандыр. Мектепте жакшы окушума атамдын салымы чоң болду. Кийин жогорку окуу жайга да ѳзү ээрчитип жүрүп тапшыртты. Анан турмушка ѳз колу менен узатып туурума кондурду. Ушунун баарын кылган адамды кантип ѳгөй деп айтам. Ага ѳмүр бою ыраазымын. Апам деле ачык айта бербегени менен атамдын мага кылган мамилесине ыраазы болуп,кубанып келет. Биз ушул кезге чейин атам экѳѳбүз бир, Жоодар апасы экѳѳ бир болуп эки топко бѳлүнүп алабыз. Чогулганда эки жаат болуп тамашалашып, эки жаат болуп ойнойбуз. Азыр үч баланын энесимин. Балдарым менин ѳгѳй кыз экенимди билишпейт. Жашоодо менин атамдай мыкты аталар аз чыгар.

Булак: «Леди»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу