Линза боюнча пайдалуу маалыматтар…

1.Линза такканда көз жакшы дем ала албай калабы?

Бул туура эмес. Ал анткени заманбап линзалар өтө кылдаттык менен жасалган. Бул деген сөз линзалар көзгө тагылган учурда, көзүбүз толугу менен дем ала алат дегенди билдирет.

2. Көзгө узак убакытка чейин линза тагылган учурда кандай болот?

Линзанын узак убакыт көзгө тагуу менен көздүн ичиндеги кан айлануу системасы жакшы айланбай калат деген чындыкка туура келбейт. Себеби, көздөгү кан айлануу системасынына линзанын эч кандай тиешеси жок. Ошондой эле линзаны колдонууда жаш өзгөчөлүктөрү каралбайт. Мисалга, отуз жылдан ашуун линза колдонгон адамдар бар. Алар убагында көз доктурга кайрылып, жаңы чыккан линзаларды колдонуп келишет.

3.Линзаны кантип колдонуу керек?

Линзаны колдонуунун алдында колду таза жууш керек. Мына ошондо көзгө эч кандай инфекция кирбейт.

4.Гриппке кабылганда линзаны тагууга болобу?

Адам гриппке кабылган учурда линза тагууга болбойт. Себеби, гриппке чалдыккан адамдын имунитети түшүп, көз чел кабыгында вирустук ооруну пайда кылышы мүмкүн.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу