Линзаны кандай колдонуу керек?

Дарыгерлер контактык линзаны күнүнө 8 сааттан ашык тагууга болбой турганын эскертишет. Бирок кээ бир адамдар адистердин бул кеңешине кулак салбай, линзаны бир күн бою тагып жүрө берүүнү адатка айлантып алышкан.

Көздүн чел кабыгы – кычкылтекти кандан эмес, абадан алат. Ал эми линзаны узак убакыт таккан адамдын көзүнө кычкылтек жетпей калат. Мунун көзгө тийгизген зыянын дарыгерлерден башка эч ким аныктай албайт. Дарыгерлердин өзү линзанын зыянын атайы микроскоптун жардамы менен гана биле алат. Көздүн чел кабыгына аба жетишпегендиктен, организм өз алдынча күрөшө баштайт. Натыйжасында, көздүн чел кабыгында кан тамырлар пайда болот.

Бул тамырлар адамдын көрүү жөндөмүн бара-бара төмөндөтөт. Ошондуктан, көз жанарынан айрылып калгыңыз келбесе, линзаны күнүнө 8 сааттан ашык такпаңыз. Ошенткен менен, коопсуздук чарасы катары бир нече кеңештерди сунуштоону туура көрдүк:

Линза сатып алган кезде аны сактоочу атайы суюктукту кошо алууну унутпаңыз. Линзаны жөнөкөй сууда, керек болсо таза сууда да сактоого болбойт. Аны атайы суюктукта гана сакташ керек.

Контакт линзаны кармагандан мурун колду жыты жок, бактерияга каршы самын менен жакшылап жууш керек. Андан кийин гана колду сүлгү менен кургатып, линзаны кармай бериңиз.

Чачка лак сепкенде же башка дагы спрейлерди чачканда көздө линза болсо, жумуп алыңыз.

Линзаны макияжды эми баштаганда тагып, макияжды тазалоодон мурун алып таштаңыз.

Көздү дем алдыруу үчүн линзаны көз айнек менен алмаштырып тагыңыз.

Линзаны мончодо, саунада же ваннада түшкөндө алып салыңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу