“Лигласс” аферасындагы С.Исаковдун ролу кандай болгон?

Сапар Исаков Кыргыз Өкмөтүн башкарып турганда Жогорку Нарын каскадын жана он чаккан ГЭСти курмакчы болгон чехиялык Liglass Trading компаниясы менен түзүлгөн келишимден бир тараптуу баш тартканы жакшы маалым. Анын айтымында буга “Лигласстын” келишимдин шарттарын өз убагында аткарбаганы себеп болгон имиш.

А чынында мунун себептери тереңде. Буга чейин эле чехиялык aktualne.cz маалымат сайты «Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат», “Liglass’тын ГЭС курууга тажрыйбасы жана кудурети жок” экени деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкууларды жараткан.
Компания боюнча мындай сөз чыккан соң С.Исаков бу тарапты тыкыр көзөмөлдөшү керек эле. Алгач макулдашууга ылайык, чех компаниясы 30 күндүн ичинде Нарын ГЭСтер каскадындагы алгачкы курулуш иштерин жүргүзгөн орусиялык «РусГидро» компаниясына 37 миллион долларды төлөө милдеттенмесин алганын да биздин өкмөт шардана кылган болучу.
Сапар Исаков не себептен бул компанияга акырына чейин ишенээрин билдирип келгени табышмак. Компания сынакка катышуу үчүн кепилдик төлөм катары 1 миллион 147 миң доллар которуп да ийген. Андан сырткары кепилдикке деп 2 млн сом да которушкан. Кийин 1 миллион 147 миң долларын сурап жүрүп тажашты. Которулган акча Кыргызстанда калды. Кимдин чөнтөгүнө түштү экен? Кандай болгон күндө да Liglass Trading түзүлгөн келишим Кыргыз Өкмөтүнүн эл аралык аброюна шек келтирип кадыр-баркын төмөндөттү. “Дипломатмын” мен төш каккан С.Исаков өлкөбүздүн эл аралык аброюн ойлогон эмес окшойт… “Лигласс” аферасындагы С.Исаковдун ролу кандай болгон? Бул маселенин сыры эми ачылат окшоп калды.

Булак:maalymat.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу