Ленин, Октябрь, Свердлов жана Биринчи май деген аттарды өзгөртүү керек

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Бишкектеги райондордун аталышын өзгөртүүнү сунуштайт. Бул тууралуу «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жы­йында билдирди. Анын айтымында, ордо калаанын төрт району тең орус тилдүү болгондуктан, алардын ата­лышын өзгөртүү зарыл. Буга байланыштуу депутат: «Аракты, коньякты “Манас” деп атайбыз. Шаар, райондорду эмнеге антип баатырдын, белгилүү инсандын атынан атай албайбыз?» – деп агынан жарылды. Ордо калаада төрт район: Ленин, Октябрь, Свердлов жана Биринчи май деп аталат.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу