Лейлектеги ок тийген депутат каза болду

Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин белгисиз адамдар атып кеткен төрагасы Кубаныч Баянов ооруканада каза болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы маалымдады.

Лейлек районунун Тажикстанга чектеш төмөнкү аймагындагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду артынан 5-ноябрдан 6-ноябрга өткөн түнү белгисиз адам атып, качып кеткен. Окуя депутаттын үйүнүн жанында болгондуктан, аны туугандары коңшулаш Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткирген. Айылдык кеңештин төрагасына ошол замат операция жасалган.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу