Лейлектеги жарылуу: май куюучу жай менен кошо 10 унаа күйүп кетти.

Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен 9 саат алышты. Жалынды өчүрүүгө тажикстандыктар да тартылды.
Лейлек районундагы Бешкен айыл аймагына караштуу Жаштык айылында жайгашкан май куюучу жайдан  чыккан өрт станцияны толугу менен жалмап кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык 4-июль күнү кечинде болгон. Өрттү өчүрүүгө Тажикстандын да үч өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган. Тилсиз жоо саат 22:40дарда чектөөгө алынып, 5.25те толугу менен өчүрүлгөн.

«Өрттүн кесепетинен май куюучу станциянын кеңсеси, беш фура, эки газ ташуучу унаа, эки Sprinter, бир жеңил унаа күйгөн. Мындан сырткары, бир кыргызстандык, үч тажикстандык жаран жабыркаган. Өрттөн жабыркаган 55 жаштагы кыргызстандык киши Кулунду айылындагы ооруканага жаткырылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталып жатат.

БУЛАК: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу