Лариса Асанбекова: «Жазайым Айдекова боюмда болуп калды, эч жерге батпай көчөдө калдым дегенде мен жумушка алдым эле..»

Кышында эле «Оштуктар сарттар, алар лөлүдөн айырмасы жок»,-деген пикирин жазып
элдин каргышына калган Жазайым Айдекова деген журналист эми устаты Лариса Асанбекованы таарынтып, ал экөө интернет аркылуу айтышып жатышат.

Лариса Асанбекованын жазган пикири:

Калптын казаны кайнабайт, күлү чогулбайт…
Азыр башы аягы жок,акты кара деп, караны аппак деп кабыл алып, чын айтсаӊ ишенбей,
тескерисинче тилинен чаӊ чыккан “чечендерге” калетсиз ишенип калган хаос заманды
башыбыздан өткөрүп жатабыз.Бирөөгө жакшылык жасасаӊ кайра өзүӊ жаманатты болуп
жабышып башыӊа муш болуп тиет.Мындай нерселерге таӊ калыштын деле кереги жок
болуп калды. “Кербен жүрө берет, оозуна алы келбегендер үрө берет” деп көӊүл бөлбөй
коюн десеӊ, ошондой калпычылар коомго “погода” жаратып баш айлантып жатышат.
Ошондой баш айлантмалардын бири Жазайым Айдекова деген менин кичүү балам менен
теӊ журналист болумуш ( журналисттик окууну окуган да эмес) карандай калпты жазып
чыкканын жакшы досторум жеткиришти. Себеби, Жазайым мени блокировка кылып койгон.
Ал эмне деп “акылдуусунуп” жазып жатканын мен көрбөйм. “Көрбөйт деп ууру кылба,
укпайт деп ушак айтпа”-деген сөз бар. Жазайым, өзүӊ деле Асанбекова жеткирип койгула
деген экенсиӊ, жеткиришти. Бет тырмачулуктун дагы чеги болот. Уялбагандан өзүӊ уял деп
унчукпай койсом келесоо дедиӊби? Эч ким эч жерге албай койгондо мага өзүӊ келбедиӊ
беле, менин боорукерлигимен, ишенчээктигимен пайдаланып. Эки баласын эптеп багып
жүрөт, мейличи деп ишке алдым.Ооба. ага чейин да иштеп кеткенсиӊ бизде, бирок ал кезде
гезиттин ишин толугу менен редактор аткарып, кимди алат кимди кетирет өзү
билгендиктен, мен кийлигишчү да эмесмин. Ошол кездеги редактор Керим Айдаровко миӊ
мертебе ырахмат айт. Көчөдөн келген журналисттин ишинен кабары жок сенин
жазгандарыӊды оӊдоп түздөп эптеп макалаӊды чыгарып атыӊды чыгарып койгон.
Журналист болуу үчүн ойду келди сүйлөгөн кызыл тил эле эмес интелект, билим да керек.
Темирлан Сманбеков “боюнда бар аялды сабады” деп өзүӊ жазып берген макаланы сага
ишенип гезитке чыгарып коюп, гезиттин ишине кийлигишпеген мен да канча жаманатты
болдум. Себеби, гезиттин ээси мен болгондон кийин мени жаздырды деп ойлоп, Темирлан
мага ушу убакка чейин таарынып жүрөт.Ошондо да баардык күнөө өзүӊдө болсо дагы, өз
кызматчысын коргоп, сага болушкан Керимге рахмат айт.Бирок, сен рахмат айтмак турсун
андай жакшылыктарды билбейсиӊ. ”Мал арыгын сактасаӊ оозуӊду майлайт, адам арыгын
сактасаӊ оозуӊду каӊдайт” деген сөз чын экен. Негизи бирөөгө жасаган жакшылыгымды
айткым келбейт, бирок сага окшогондор айласыз айттырат тура. Кызыӊды төрөгөндө
биринчи болуп ким барды эле? Атын деле Күнай деп мен койбодум беле. “Менин ишиме
автор болуп”, “менин проектим менен Турцияга 12 күн эс алып келген” –дептирсиӊ. Ооба,
эс алып келдик. Бирок, сенин эмгегиӊ менен эмес “Асман пресс” гезиттин аркасы менен.
Себеби, Түрк элчилигинин рекламалык макаласын бир айда 4 жолу 7 ай бою рекламалап,
аягында концерт өткөрүп, лотерея ойнотуп уткан 2 адамды жана редакциядан 2 адам Турцияга барып келүүгө жолдомо алдык. Ооба, Түрк элчилигин сен таап келгениӊ чын.
Келишим түзүп ишке ашырган “Асман пресс”. Сен жазган макалаӊ үчүн айлыгыӊды алып
аттыӊ. Турцияга бараарда төрөгөнүӊө бир жума болуп, кызыӊ ооруп барабай калдыӊ. Ага
ким күнөөлүү? Төрөгөнүӊө бир жума боло электе мен да барам дегениӊен, кызыӊды кантип
таштап кетээр экенсиӊ деп, боор оруп, кызыӊды жаӊы төрөгөн өзүӊдү аяп айта коем деп
жаман көрүндүм. Мейли барсаӊ бар дедик. Аныӊ кудайга деле жакпады окшойт, кызыӊдын
эти ысып катуу ооруп барбай калдыӊ.Ага ким күнөөлүү? Ошентип сенин ичиӊдин
тардыгынан бир путевка жөн эле жарабай калды. Андан көрө иштегендердин бирөө барып
келсе болмок. Менин аркам менен бекер Турцияга барып келди деген сөзүӊдү эми эле угуп
аткан жокмун.Отурган турган жериӊде айтып жүргөнүӊ кайра эле мага жетип турат. Биз
бекер барган жокпуз, келишимдин негизинде бардык. Бир поласа рекламный материал 10
миӊ сомдон эсептегенде да 7 айда 280 миӊ сом болмок. Ага 3 адам мындай деле эс алып
келмек. Сен журналист катары алар даярдап берген материалды гана жооптуу болуп алып
келгениӊ болбосо, материал даярдап жазган да эмессиӊ, бирок айлык алчусуӊ. Менин
автордук эмгегим деген сөзүӊ күлкүнү гана келтирет.Автордук эмгегиӊди андан кийин
деле,азыр деле ишке ашыра бербейсиӊби? Сага ким же эмне тоскоолдук жаратып жатат?.
Аа баса, аны ишке ашырыш үчүн каражат, гезит керек да ээ? А сен гезит кандай болуп
чыгат, айлык кайдан төлөнөт, типографияга канча төлөнөт билбейсиӊ да. Сенин проектиӊе
келишим түзбөй койсо ишке ашпай калаарын билбейсиӊ да.
Экинчи жолу ишке келгенде эки баланын энеси болуп эс тартып калгандыр деп,
балдарыӊды аяп ишке алдым. Бир жумада бир, гезит чыккан күнү кечинде келчүсүӊ. Сенин
макалаӊды күтүп отуруп саат түнкү 12де кетчүбүз.Ошентип шашып атып ката чыккан
күндөр болгон. Аныӊа деле чыдап мейли деп жүрдүк.Баса, айлык төлөбөйт
дептирсиӊ.Айлык бир айда бир берилет, а сен эки күндүн биринде өзүӊ айткандай 1000,
2000 сомдон ала берип, айлыкка жеткирбей эле алып жок кылганыӊа ким күнөлүү? Ошол
кезде айтчу эмес белеӊ, эже рахмат сиз эле мага жакшы айлык берип жатасыз деп. Сага
айлык көбүрөөк болсун деп башкаларды кыскартканымды унутуп калдыӊбы? Айлыктан
тышкары балдарыӊ ачка калбасын деп берип жүргөндөрүм эсепке да кирбейт. Ушул
жерден “айтылбай турган сөз эле” дегендей өзүӊ айттыра турган болдуӊ. Айлыкты элден
көп сен алчусуӊ жана гезитти өз пайдаӊа сен гана пайдаландыӊ. “Жылдын мыктысы” деген
дипломдорду өзүӊө керектүү жана тааныш билиштериӊе бердирттип, алардан акча
алгандарыӊды билбей калды дедиӊби? Бир депутаттардан 100-200 доллардан, 20000 сом
алганыӊды укпайт дедиӊби? Алар гезитке жардам бердик, Лариса Асанбекова алды деп
ойлоп жатышат да. Сага окшогон калпты чындай койгулаштырган журналист болумуштар
журналист деген адистикти жаман көрсөтүп, коомду бузуп жатышат. Себеби, билими жок
адам адискөйлүктү эмес акчаны биринчи орунга коюшат. Бирок, андайлардын деги эле
жыргап кеткендерин көргөн жокмун.Калптын казаны эч качан кайнабайт жана жарыбайт. Редакцияда менин Фейсбук баракчам ачык эле турчу. Дизайнер почталарымдын
сырсөзүнөн бери билчү.Шектүү шексинет болуп бир күнү менин баракчама кирип ЖК те
иштеген таанышым менен жазышкандарды окуп, дагы уялбай ага, эжеге айтпа дептирсиӊ.
Исаевден алган акчаӊды укканда сен уялбай эле, мен уялганымдан сага бир сөз айткан
жокмун.Жайкы эс алууга кеткен жатканбыз, адаттагыдай ишке гезитти типографияга
кетирип атканда келдиӊ.Менсиз гезит чыкпай калат, баары бир күтөт деп ойлодуӊ окшойт.
Ошону менен эс алууга чыгып кеттик. Иштен кет деп да айткан жокмун. Оозуӊа алыӊ
келбей былтыр түштүк элин “сарт,бир табак тамакка алданган лөлү”- деп айтып элдин
тепкисинде калганда көпчүлүк мага кайрылып, сизде иштейт, сиз жооп бериӊиз дешти.
Бизде иштебейт деп жооп бердим, себеби бетинде бир аз кызылы бар адам алдап жүргөнү
билинип калгандан кийин, уятына чыдабай, өзү эле иштен кетет деп ойлодум.Ошондон
кийин Фейсбукта мени блокировать этип коюптурсуӊ.Бир чети сенин акылдуусунган
посторуӊду окубай койгонум, көрбөгөнүм жакшы. Эми болсо атайын тийишип Асанбековага
айтып баргыла деген экенсиӊ, айтып келишти. Өзү тийишкен бала ыйлабайт.Өзүӊ
тийишкенден кийин сенин ким экениӊди эл да билсин. Баса, менин мероприятиемди бекер
уюштуруп берген имишсиӊ го.Тескерисинче сага ишенип,мынча депутат келем деди деген
калпыӊа ишенип,ресторанга ошончо орун даярдап, сен чакыргандар келбей калып бош
калган орундун баарына акча төлөттүрүп чыгым кылдыӊ эле го? Же аны сен төлөдүӊ беле?
Мен уюштуруп бергем деген сөздү кантип уялбай айта бересиӊ? Сага чейин деле, сенден
кийин деле сенсиз эле иш чаралар өтүп келген, өтө берет.Коллектив болгондон кийин
баары аралашат, жардамдашат бирок, бирөө да сага окшоп “Мен” дей элек.Баса, ушул
жерден айта кетчү нерсе коменатирийге Карамат Токтобаева да илгери менин концертиме
жардам берип бирок рахмат айтпаганымды жазган экен. Көрсө сага окшогон бирөө
ыраазычылыгымды жеткирбей койюптур.Себеби, мен ал кезде Россияда жашагандыктан
концерттен кийин дароо кетип, бир адамга тапшырып кетсем, өз кызыкчылыгын көздөп
жеткирген эмес экен. Окуп алып байланышка чыгып, такташсак ортодон чыккан бузуку
бузуп кетиптир.Анан албетте, көп жылдан кийин эч нерсе болбогондой учурашам да. Анын
эмгек акысы толук берилди деген ишеничте болгом да. Ал алдамчы деле ушул кезге чейин
жыргабай эле жүрөт. Кудай баарын таразалап турат.Элди алда, мени алда бирок, Кудайды
алдай албайсыӊар.Силерге кудай тараза болсун.
Кыргыз Караван гезитинин ээси Гүлбара Турумовага да чалып, “Асанбековага бекер
иштептирсиӊ, мага да бекер иште” — деп Жазайымга айлык төлөбөй койдуӊ беле десем. 1-
майда ишке келген, бир келип, бир келбей жүрүп бир гезит, бир журнал чыгардык, ошого
15000 сомдон 30000 сом төлөп бердим. Гезиттин 20 жылдыгын уюштурганга жардам берди
деп 200 доллар төлөп бердим, эки күн мурда балдарын ээрчитип келген экен 5000 сом
бердим иштебесе да деди. Анан кайсы эмгегиӊди “жеп” койгонду айтып каргап атасыӊ,
Жазайым? Асанбекова блокто, Турумова фейсбукка кирбейт, калп айта берсем боло берет дедиӊби?
Сен ким экениӊди айта берсе сөз түгөнбөйт,кичине болсо да адамдык сапатыӊды сактап
жүр. Жаратканга миӊ мертебе ыраазымын, сендей жазмакерлерден алыс болсун деп,
гезитти токтот деди, токтоттум. Эч өкүнбөйм! Баса, бир иштен кетип жатып экинчи ишке
кирээрде кеткен жериӊди жамандап жакшылык таппайсыӊ.
Жазайым, сенин иштеген ишиӊе мурдумду тыкмак тургай, сени алыстаткан кудайга ыраазы
болуп жүрөм. Үлгү алгыла деген адамды деле жамандап келбедиӊ беле? Ооба,Азиза өз
ишинин чыныгы адиси, ал мага окшоп сенин кур сөзүӊө ишенбейт, каалаганыӊды жасатып,
гезитин сенин пайдаӊа иштетпейт.Чындап үлгү ала турган айым.
Жакшы адисти эч ким иштен кетирбейт. Андан көрө ойлон, эмне үчүн күлүм бир жерге додо
болбойт? –деп. Канча жерде иштедиӊ, баары жаман сен эле жакшысыӊбы? Күнөөнү
өзгөдөн эмес өзүӊдөн изде. Адилетсиз каргыш өз ээсин табаарын эсиӊден чыгарба.

Буга Жазайым Айдекова мындай жооп калтырды:

-Кудайды оозуна алган апчем кезектеги калп аралашкан кебин жазып, мени өлүмдөн
сактап калгандай колкоо кылыптыр…Анысы аз келгенсип ар кимден «тиги Айдекованы
ашатып салчы» -деп жеке баракчаларын тешип суранып атыптыр. Анда эмесе менин
жообум: «Ит үрө берет!Айдекова көчөдө калган эмес жана калбайт. Калганын өзү айткан
КУДАЙга койдум!» «Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын эти табылды» -дегендей,
«Кудайды, түркүн ламаны кеп кылган, энергиясы аппак, алтын доордун адамынын сөзү
ушундай укмуштуу турбайбы»,- деп кабыл алып коюңуздар.
Экөөнүн жалпы тааныштары мындай пикир калтырышты:

Жийдегул Молдалиева:

Жаз Айым бул кылганыңыз туура эмес.
Өткөндө мени постко отмечать эткенде , кто это Асанбекова, при чем тут я ?деп жаздым
сизге.
Бул постко да мени отмечать эттиңиз.
Мен Лариса эжени өтө сыйлайм.
Сизди да жакшы айым деп, сиңдим деп сыйлачумун.
Бирок бул жоругуңуз жолдо калсын!
Уят болот.
Эженин балдарынан да кичүү экенсиз.
Ортодо бир түшүнбөстүк болсо, Лариса эже деп өзүнө жолугуп чечишип алсаңыз туура
болмок.
Апаңыздан чоң аялды интернетке жамандабай!!!

Эми да кеч эмес !!!
Жазгандарыңызды өчүрүп, эжеден кечирим сураңыз.
Эже өтө түшүнүктүү адам.
Жакшы мамилеңиздерди кайра калыбына келет деп ишенем.

Эльмара Турсуналиева:
Жаз айым, мен билгенден чын эле талаада калган кундорундо, балан кичинекей, экинчин
боюнда барда Лариса эже сени караган. Ошо кундорду унутуп калсан, анда сен чын эле
копкон экенсин. Мен сенден акыркы кундору тунулуп журом.

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу