Бүгүн, 19-июлда Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаевдин соту уланууда . Сотко судья Эрнис уулу Айбек төрагалык кылууда.
Бүгүнкү соттук процесске Камчыбек Ташиев, Болот Шер, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков жана Абдыганы Эркебаев келди. Алар күбө катары көрсөтмө беришүүдө.
Ташиев: Өмүрбек Чиркешовичтин 22-декабрь туулган күнү болчу. Мен 22-декабрь күнү жумушка келбешин билип, алдын ала куттуктап коёюн дегем. Анан коридордо өтүп кетип бара жатып, Текебаев отурган бөлмөнүн эшигин дагы ачып көргөм. Ал кишинин 21-декабрь күнү жумуш ордунда болбогондугун толук тастыктап бере алам. 23-декабрь күнү жумушка келип туулган күнүң өтүп кетти, алдын ала куттуктайын дедим эле бирок болбой калды деп 23 күнү кабинетине кирип куттуктап чыкканым эсимде”-деди.
Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Булак:Каганат