К.Кулматов жаш аялы Жамийлага канча байлыгын каттап берген?

Ачкөз адамга айла жок экен. Айрыкча андайлар бимйлик башына келип кала турган болсо, иштин куруганы ошол турат. Курабай кур калсын, кууратып жибергени жаман болуп туру. Ток этээр жерин айтканда кеп Кулматов Кубанычбек тууралуу болмокчу. Учурда бул эргул абакта жатат. Анын себеби да дал ушул ачкөздүгүнөн улам болуп жатканын өзү ойлоп жатты болду бекен?! Эгер тизмектеп карай турган болсок, Кулматовдун топтогон дүнүйө мүлкү оӊой эмес экенине ынансак болот. Айтмакчы, мүлктүн басымдуу бөлүгү биринчи никедеги жубайы Наталья Кулматовага чегерилген. Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан турак үйлөрдүн санынан эле баш айланат.

Маселен Тынчтык проспектисинде, Эркиндик, Ясненский, Он Арча, Орозбеков көчөлөрүндө заӊгыраган батирлери бар. Андан сырктары баш калаада “Бишкек” рестораны, Ысык Көлдөгү Кара-Ой айылында эс алуучу бир нече коттеждери да бар. Ал эми уулу Каныбекке Бишкектин Орозбеков көчөсүндө батирлерди каттап берген. Жер тилкелеринен да куру кол эмес экен. Сулуулук салонун бизнес катары ачканбы же эрмек кылабы, айтор Эркиндик сейил багында салон ачып алган жайы да бар. Акыркы үлгүдөгү кымбат баалуу автоунааларын айтпай эле коелу.

Ал эми токтобой иштеп жатат жеке ишканалары тууралуу өзүнчө кеп кылса болот. “Баалар боюнча кыргыз ассоциация” биримдиги, “Гринвейс” курулуш компаниясы, “Эйжен Хоспиталити” бирикмеси, “Көз карандысыз баа жана экспертиза” жоопкерчилиги чектелген бирикменин да ээси. Кубанычбек мырза топтогон байлыгына башы айланып, кубанычы койнуна батпай кеткенби айтор жашыраак деп Жамила аттуу жаш келинге нике кыйдырып алганын көпчүлүк биле бербейт. Кубанычбек мырза өзү төшөк жаӊыртканы, жаш аялына акыркы үлгүдөгү автоунааларды жаӊыртып бергенин баса белгилеп коюу керек. Болбосо “Тойота Прадо” оӊой унаабы?! Баса, К.Кулматов акыркы мезгилдери, досу А.Атамбаев ажо болуп турганда акча агып турган ири кызматтардын баарын ээлеп чыкты.

Санай турган болсок, Бажы кызматы, Улуттук банк, Бишкек мэри, Кыргыз-Орус фонду, Чүйгө губернатор, айтор эркелеп жүрүп ээлебеген кызматы калган жок. Бирок жаман жери – катардагы карапайым жарандар 4 сотых жер тилкесине жете албай жүрсө, бул эргулдун ээлеген дүнүйө-мүлкүн көрүп, кыжыр кайнайт экен. Баса, мунун орус жарандагы бар деген кептер чыгып жатты эле, ошону такталаар бекен. Болбосо атасы – Кулматов Кенеш Нурматович, мурда РФнын Дипакадемиясынын проректору болгондугун, учурда Москвада жашап жаткандыгын эске ала турган болсок, орус жарандыгын алгандыгы чындыкка жакын сезилет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу