Көңүл бургула: Эркектер бул адаттарды жек көрөт


Жөнү жок, себепсиз күнөөлөө

Ар бир адамдын жүрөгүн оорутат эмеспи. Андыктан, жолдошуңузду күнөөлөөдөн мурун ал нарсенин далили болушу керек. Эркектер “аялым мени баары бир ала жипти аттады деген ойдо калат да, андан көрө ошол нерсени жасап көрөйүн” деген чечим кабыл алышы мүмкүн. Андыктан, ашыкча кызганычтын, эркекти жөнү жок күнөөлөөнүн кереги жок.

Бөтөн адамдардын көзүнчө жемелөө

 Намыскөйлүк – бул эркектин эң негизги сапаты болуп саналат. Эгерде сиз чоң урушту каалабасаңыз, сүйүктүүңүздү элдин көзүнчө урушуп, кагып-силккенден алыс болуңуз жана аны туура түшүнгөнгө аракет жасаңыз. Өзүңүздү анын ордуна коюп көрүңүз. Сизге да анын курбуларыңыздын же башка адамдардын көзүнчө туура эмес мамиле жасаганы жакпайт да, туурабы? Андан көрө сүйүктүүңүздү эл алдында мактап, сыйлап жана аны канчалык деңгээлде сүйөрүңүздү баса белгилеңиз. Мына ошондо гана каалаган ой-максатыңызга жете аласыз.

Телефон аркылуу обу жок көп сүйлөшүү

90 пайыз эркектер аялынын телефон аркылуу көп сүйлөшүүсүн жактырышпайт. Андыктан, жолдошуңуздун кыжырына тийгиңиз келбесе, убактыңызды телефон аркылуу сүйлөшүүгө коротпоңуз.

Дайыма кыжырланып, нааразы болуу

 Мындай сапатыңызды башка жерде колдонуп, жолдошуңузга келгенде жароокер, мээримдүү жана камкор болсоңуз, ал сизден такыр алыстабашын эсиңизден чыгарбаңыз! Айрыкча анын ишине кайдыгер карабай, сүйүктүүңүздүн эмнеге кызыкканына көңүл буруңуз. Ошондо гана сиз ал тууралуу дагы көбүрөөк билип, ортодогу мамилеңер бекемделет. Жеке эле майрам күндөрү эмес, жөнөкөй күндөрү гана да белек берип көңүлүн алыңыз!

 

Ашыкча көп суммадагы акча коротуудан алыс болуңуз

Жолдошуңуз тапкан акчаны курулай кетиргендин ордуна сарамжалдуу пайдаланып, керектүү буюмдарды
сатып алыңыз! Ошондо гана ушул сапатыңызды жолдошуңуз баалай билет.

Балдарыңыздын алдында жолдошуңузду сынабаңыз

Балдар үчүн ата — кадырлуу жана абройлуу адам болуп эсептелинет. Бир жаман айтылган сөзүңүз менен анын баркын жоготуп коюу коркунучу бар жана аны калыбына келтирүү кыйын болот. Балдарыңызга атасы тууралуу жакшы гана сөздөрдү айтыңыз. Эгерде ортодо маселе жаралса аны балдардын катышуусусуз өзүңүздөрчө чечкиле.

 

Көз жаш

Алгач мырзалар сүйүктүүсүн сооротушу мүмкүн, бирок бара-бара  бул нерсе жолдошуңуздун кыжырлануусуна алып келиши толук мүмкүн. Себеби көз жаш айымдарга салыштырмалуу мырзаларга көбүрөөк таасир калтырат.

Жазалоо

Интимдик мамиледен баш тартуу. Мындай сыноолор менен сиз сүйүктүүңүздү өзүңүздөн алыстатып аласыз. Мындай учурда ал жылуулукту башкадан издей баштайт. Ушул нерсени эсиңизден чыгарбаңыз!

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу