“Көшөгө. Жоолук кармаган апалар, көздөрүмдөн жаш куюлуп жатты”

Бурулай сымал канча кыздар, жашы жетелек секелектер алакачуунун курмандыгы болуп, тагдырлары талкаланып, ара жолдо калууда. Али да бактысыз турмуш кечирип жаткандары канча? Кыскаметраждуу тасмаларды тартып, көптөгөн эл аралык сынактарда башкы сыйлыктарды алып жүргөн, коомдогу ар бир окуяга кайдыгер карабай күйүп-бышкан Мээрим ДОКТУРБЕКОВА башынан өткөн окуяны биздин гезитке сунуштады.

“Менин биринчи курс кезим. Аламүдүн-1 кичирайонунда эки таеже-сиңдилерим менен турчумун. Сиңдилериме айылдан баштык берип жибергенде улуусу катары жеңемдер мага табыштачу. Таенемдердин кошунасынын баласы эки-үч жолу айылдан картошка, ун, нан сыяктуу керектүү азык-түлүктөрдү таштап кетти. Бир күнү кечке маал ошол байке чалып, “бир саатта барам” деди. Дагы посылка келген го деп койдум. Чалды. Чыктым. Бутта үйгө кийген тапичке, үстүмдө эски спорттук кийим жана астымда эскилиги жеткен шым. Машинанын арткы эшигин ачып отургузду. Ичимен бир нерсе сезгендей, “эмнеге отуруш керек?” дедим. “Бат эле, отурсаң” деп өзү алдына, рулга отурду. Ары жактан бир тал роза алып мага узатты. Мен алгым келбей карадым. “Бул сага” деди. Алып жаныма койдум да, “мен кирейин, посылка кайда?” дегиче, арткы эки эшикти эки чоң байкелер ачты да жаныма отурушту. Жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Телефонумду алып баштасам, күчкө салып колуман алып, өчүрүп коюшту.

Ичимден мен “баары бир отурбайм” дедим да, бул сөздөрдү үнүмдү чыгарып айттым. “Ыйлабашың керек” деп өзүмдү кармап баратам. Шаардан чыктык, жанымдагылар “бул кыз араң эле турган го, башкаларга окшоп кыйкырып, ыйлап да койбойт” деп күлүп, каткырып баратышты. Ичимден “силерге көрсөтөм!” деп бараттым. Тиги байке күзгүдөн улам мени карайт. Көзүмдү сүзүп коём. Айылыбызга кирерде жүрөгүм түшүп, корко баштадым.

Түн да, баары укташкан. Жолдон бирөө тосуп калабы деген үмүтүм куру эле. Таенемдердин үйүнөн өттүк, титирей баштадым. Жанымдагылар шарактап баратышат. Машина короого кирди. Баары түшүп кетишти. Мен тааныган эле жеңелер келип, “жүрү” дей башташты. Көгөрүп отургучту кучактап отурам. Анан жанагылардын бирөө келип көтөрүп үйгө алып кирди.

Көшөгө. Жоолук кармаган апалар, эжелер, жеңелер, кичинекейлер… Көзүмө жаш өзү эле келе баштады. Раматылык таенемдин арбагын жөн койбой, “ал киши болгондо өзүң эле отурмаксың” деп башташты. Жиним келип тепкилендим, жоолугун салдырбай турдум бир топко. Баягы көтөрүп кирген неме дагы келип эркектик күчүнө салып отургузуп, колумду кармап турду. Жоолук салынды… «Атама чалгыла» дедим. «Чалабыз» деп кеткен немелер жок. Жанымда ар кайсы каргыш, кара дуба жөнүндө дөөрүгөн кемпирлер, көп сүйлөгөн ажаан жеңелер отурушат. Мен «баарыңарды сотко берем!» дедим бир маалда. «Тарбиялуу үй-бүлөнүн кызы да ушинтчи беле?» демиш болушту. Бир маалда айылдын эң улуу кишиси делген бир апа келди. Баарын көшөгөдөн чыгарды. Жаныма отуруп, жалынып ыйлап баштады. «Бактыңан баш тартпа, өмүр бою залакасы тийет» деген өңдүү сөздөрүн айтты. Апанын ыйлаганын көрүп, кучактап алып көзүмдүн жашын көлдөттүм. «Мен үйдүн улуусумун, иним али кичинекей, эми эле биринчи курстамын, балаңар менден 11 жаш улуу, менден чоңураак бирөөнү тапсынчы» дедим. Саат 12 жарымда барганбыз, 4ттөн өттү. Кайра баары чыгып кетишти. Үйлөнө турчу байкенин апасы келди. «Сенин апаңды тааныйм, энесин көрүп кызын ал дешет. Сени бекер тандаган жокпуз» деп баштаганда эле, «сизди сыйлайм эже, мен отура албайм, кечирип коюңуз» деп карабай отурдум да, «атама чалгыла» дедим. «Азыр чалабыз» деп чыгып кетти. Тыптынч. Ичимен коркуп отурам. Бир маалда көшөгөнүн бурчунан тиги байке кирди. Жаныма отуруп, «эмнеге отургуң келбей жатат? Атаңа улуу баласындай болуп бермекмин…» деп баштаганда, ары жактан  «малды соё бергиле» деген үн чыкты. Чуркап чыгып, «кайдагы мал, мен макул эмесмин! Отурбайм!» деп кыйкырдым. Байке артыман келип кучактайын деди, бурулуп түптүз карадым да, «мени кичинемде ойнотуп, мойнунузга мингизип жүрчүсүз. Эсептесем менден он бир жашка улуу экенсиз. Мени кичинекей, алдаш оңой деп апкелдиңизби?” дедим. Унчукпайт. Мен уланттым. “Менин жигитим, сүйгөнүм бар. Сиз менен баары бир бактылуу боло албайм” дедим.  Сөзүмдүн акырында ыйлап жибердим. Байкеге кайсы сөзүм таасир этти билбейм, колуман жетелеп чыгарып баратты. Терезеден короодогу тизилген аялдар, очоккана жакта бир топ эркек кишилер жана ортодо кемпирлер менен кичинекей бөбөктөр карап турушканы көрүнүп турду. Машина от алды. Ичим бир кызык болуп, аларга боорум ооруп ыйлай баштадым. Бирок чечимимди өзгөрткөн жокмун. Үйдөн чыктык.

Бишкекке келгиче үн-сөз жок келдик. Үйүм жакка келип байке өзү түштү, басып баратсам артыман “мени кечирип кой” деди. Бурулбастан кете бердим. Үйгө келип эшикти тарсылдаттым, эки сиңдим күтүп отурушкан экен. Экөөнө бир фильмди баяндагандай баарын ыйлап баяндап бердим. Кызыгы, эртеси ата-энеме өзүм чалып айттым. Баары бир билинет эле да. Атам менен апам улуу абам менен жеңемди алып алышып үйүнө барса, тиги тараптын атасы «эч нерсе кылган жокпуз, апкелдик, кайра жеткирип койдук, “доом жок” деп жазып берген, мына” деп керсейе сүйлөптүр. Атам абдан сабырдуу жан, сөзүн угуптур да, “менин кызым силерге мал беле? Короодон алып чыгып, кайра киргизип койгондой? Жаш кыздын психикасы эмне болду? Өзүңөр маданияттуу жакшынакай адамсыңар, бир ооз бизге келип колун сурасаңар, балким оңунан чечилет беле? Кыздын өзүнүн каалоосу бар, аны менен биз эсептешип жашайбыз. А силер кимсиңер анын каалоосуна каршы чыгып иш кылгандай? Апаңыздын арбагын сыйлап, сотко бере албай отурам. Баарын кылыптырсыңар, жок дегенде кечирим сурап койбойсуңарбы! Сотко берип, кылчумду азыр деле кылып коём! Жалгыз кызымды ыйлаткандай кимсиңер силер!” дептир. Ошондо анан башын жерге салып, “кечирип койгула эми, отурат деп ойлоп алып келиптир да. Биз деле балабыздын каалоосун аткардык да. Айылда кошунабыз, бет карашпай калбайлы” деп жатканда атам туруп басып кете бериптир. Бул окуяны апам айтып берди. Азыр айылдан ал кошуналар менен учурашпайбыз. Ошондон бир ай өтүп-өтпөй, менден улуу кызга үйлөнүп той өткөрдү.

Атам менен апам азыркыга чейин менин каалоомду биринчи угушат. Менин кесибим, жеке жашоом эч бирине каршы эмес. Куда түшүп келгендерге атам дайыма “кызым өзү чечет” деп жооп берет. Ошондо отурбай койгонум үчүн атам башкалардан далай жаман сөздөрдү уккан, далай сөзгө калган. Айылда “анын кызы мындай экен, тигиндей экен” деген толтура сөздөр чыккан. Бирок, атам мени ар убак туура кылганымды айтып келген. Андыктан, менин оюмча кыздарды тарбиялоодо ата-эненин ролу абдан чоң. Өз эркине коюп, өзү каалаган нерсени жасап, өзү чечим чыгарганды, жоопкерчиликтүү болгонду үйрөтүү маанилүү.

Бул окуяны буга чейин жакын курбуларыма гана айтпасам, эч кимге айткан эмесмин. Азыр унчукпай коё албадым. Колдорум титиреп, тамгаларды араң тердим. Бурулайдын өлүмү ар бир кыргыз кызынын башына келип калышы мүмкүн. Дагы мындай окуялар боло бербеши үчүн алакачууга каршы мыйзам толук иштеши керек. Кыздардын укугу корголуш керек!”

Бетти даярдаган Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу