Көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси «меники болчу» деп Атамбаев менен Акибаев неге талашып жатат?

Өзү айрым адамдардын ой жүгүртүүсү «өзгөчө» болот. «Мен болбосом эч кандай иш жүрбөйт, мен эле кыйратып атам» дегендей «өздүк баалоолору» күч адамдарды саясаттан да кездештирүүгө болот. Мисалы, айрым саясатчылар кызматтарынан кеткенден кийин Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтпөй кала тургандай болуп «кейип-кепчип» чыгышкан. «Бул иш-чараны биз эле укмуштай уюштуруп келгенбиз да, эми кийинкилер аны уюштура алышпайт окшойт» дешип кабактарын чытымыш этип, каадалана «бөйрөк таяна» калышкан.

Бирок, алар кыязы «Алмаштыргыс кадр болбойт» деген учкул сөздү эстеринен чыгарып коюшса керек. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө баардык камылга көрүлүп бүтүп калды. Ат оюндары өтүүчү ипподромдун айлана-тегереги ирээтке келтирилди, көрүүчүлөр отура турган арена жасалгаланды. Ал эми айтылуу Кырчын жайлоосунда мурдагыдан бир топ мыкты этношаарча жайгаштырылып, даярдыктар аяктап калды.

Анан дагы кызыгы, акыркы 1-1,5 айдан бери карай «Аврора» пансионатынын мурдагы директору (анын ал кездеги пансионаттагы ишмердүүлүгүн казса толтура коррупциялык былыктар чыгат), абактагы Сапар Исаковдун кан досу Аскат Акибаев «НТС» телеканалы аркылуу «Көчмөндөр оюндарын өткөрүү менин демилгем болчу» деп төшүн каккылап, мактанганын токтотпой келет.

Эми ушул жерден аркага кылчаялы, экс-президент А. Атамбаев өз доорунда «Көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгесин мен көтөрдүм» деп айхайлап келген. Ошондо бул аташка менен балашкасынын кимисине ишенебиз? Кимиси алдамчы дагы, кимиси чын айтып жатат? А. Акибаев өзү А. Атамбаевдин көздөй кадрларынын бири болгонун жакшы билебиз. Анан минтип «аташка» менен «балашкасынын» «автордук укук» талашып атышканы жол болсун. Эгерде демилге чындап эле А. Акибаевдики болсо, анда А. Атамбаев өз убагында эле «демилгени көтөрдүн, ишке жарайсың» деп туруп аттап-тондоп койсо болмок. Эгерде демилге АШАнын өзүнүкү болсо, анда «балашкасы» андан «автордук укукту» талашпай эле койсо жөндүү болмок да, туурабы?

Же болбосо, кимиси бул демилгени биринчи көтөргөн болсо, анда ошонусу «демилге меники» деп патенттеп алса кандай болмок? Эмнеси болсо да, «автордук укук» талашып аткан экөө элге шылдың болбой, ич ара «кимибиз демилгечи бололу?» деп чечишип алышса жакшы болмок. Бирок, эң башкысы алар кыргыздын көчмөн турмушундагы кылымдарды карыта ойнолуп келген спорттук оюндары булар демилге көтөрбөсө деле дагы-да уланып ойноло бермек. Андыктан эзелтен ойнолуп келген оюндардын демилгечиси болуп калгылары келип, талашып жаткан экөөнө арга жок экен деп турабыз.

Негизи, ушундай эл аралык деңгээлдеги көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси аттары аталган экөөнө тең эмес, таптакыр эле башка кишиге тиешелүү экенин да аздыр-көптүр кулагыбыз чалганы бар. Бирок, ал эч кимден демилге талашпай эле жүрөт. Чыныгы патриот деген ошондой болот эмеспи.

Булак: «Argument.kg»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу