Көчмөндөр оюндарында тамеки тарткандарга 50 миң сомго чейин айып салынат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тамеки тартуу үчүн салына турган айыптын өлчөмү жөнүнүдө билдирди.

Буга чейин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тамекинин түтүнүсүз өткөрүү жарыялангандыгы маалымдалган. Анда вице-премьер-министр А.Өмүрбекованын тапшырмасы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинде сунушталган концепциянын иш-чаралар планы түзүлгөн. Анын ичинде: тамеки тартуу үчүн өзүнчө жайларды аныктоо; аталган оюндардын статусу жөнүндө маалыматты жайылтуу жана маалымат кампаниясын жүргүзүү; спорттук объектилерди жана жайларды КР мыйзамдарына ылайык «Тамеки тартууга тыюу салынат» деген атайы белгилер жана маалымат материалдары менен камсыздоо; оюндар өткөрүлүп жаткан учурда оюндардын ыктыярчыларын жана конок тосуучу кызматкерлерин (барлардын, ресторандардын, мейманканалардын, эс алуу үйлөрүнүн жана пансионаттардын) Көчмөндөр оюнун тамекинин түтүнүсүз өткөрүү концепциясы жөнүндө тамеки тартууга каршы чараларды сактоо боюнча ролдорун жана милдеттерин сактоого окутуу каралган.

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамын бузгандарга административдик айып салынат. Анда жарандарга — беш, кызмат адамдарга ондон жыйырмага чейин, юридикалык адамдардарга жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч каралган. 1 эсептик көрсөткүч 100 сомду түзөт.

www.turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу