Көчмөндөр оюндарына төрт өлкөнүн президенти келет

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, чакыруу бир топ өлкөлөрдүн президенттерине жөнөтүлгөн. Алардын ичинен ушул төртөө келээрин ырасташкан. Булардан сырткары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да келерин айткан.

Оюнга жакындаганда бул тизмеге башка мамлекет башчылары да кошулуп калышы мүмкүн.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда ачылып, 8-сентябрга чейин уланат. Ага 57 мамлекеттен келген 1946 спортчу катышып, улуттук спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат.

Оюндарда жалпы 594 медаль ойнотулат. Анын 174ү алтын. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир жолу Кыргызстанда өтүп турат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу