Көрсө, Фарид Ниязов менен Сапар Исаков Мадеминовдун жакын кишилеринин бирин …

Мадеминов эки тоонун чөбүн эңсеген эчкидей эле болду. Жогорку Кеңештин, КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов бүгүн резиденцияда өткөн экс-президенттин жыйынына депутаттарды баштап барды. Буга чейин, Президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдойм деп жүргөн. Туруп эле аркы жакка секирип кеткен.

Көрсө, Фарид Ниязов менен Сапар Исаков Мадеминовдун жакын кишилеринин бирин Баткен облусунундагы райондордун бирине Акимдин орун басары кылып беребиз деген экен. Ошол орунга кызыккан Мадеминов Сапар Исаковдун сөзүнөн чыкпай, алардын айдаган жагына чуркап калыптыр. Бирок, Исаков убада кылган кызматка башка адамды дайындап салыптыр. Бүгүн, түштөн кийин Мадеминов маанайы жок «Исаков менен Ниязов ит экен»,-деп сөгүнүп жүрөт дейт. Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калыптыр дегендей, кызмат үчүн Жээнбековдон секирип, эми эки жактан тең жок калыптыр. Мейли, министр же андан жогорку кызмат үчүн соодалашса болот, акимдин орун басарлыгы үчүн иттин арткы шыйрагындай бозоргон Мадеминовго убал эле болуптур.

Эми эсине келсе керек, эч кимге кереги жок болуп калгандан кийин. Баса, Мадеминов тууралуу кызык маалыматтар жакында чыгат. Ал, бир ишкерди 470 миң долларга отургузуп кетип, кылмыш иши козголгон милиция жердешин кантип калкалап келгени тууралуу маалыматтарды жакында жазабыз.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу