“Көрсөтөмдөн” кийинкиси кандай болот?

АША 22-октябрда Москвага барып, Орусиянын жетекчилеринен колдоо сурамак экен. Бирок, Икрамжан Илмияновду кармап, депортациялаганга Орусиянын атайын кызматтары жакындан көмөктөшкөндөрүн угуп, ал оюнан кайтып, Россияда өтчү партиялардын  конференциясына гана катышып келмей болуптур.  Эн тамга басканга соо жери табылбагыдай болуп  коррупциялык иштер менен айыпталып  жаткан АШАны колдогудай Орусиянын жетекчилери акылынан айныша элек да. Ошентип АША Орусиядан “биз расмий бийлик менен гана кызматташабыз. Сен биздин тынчыбызды албагын” деген мааниде кыйыр эскертүү алды. Мындан ары аракети, тагдыры кандай болот?

Айрымдар Атамбаев Москвага барып, ошондон ары келбей, ошол жактан башпаанек таап, калып каларын айтышууда. Антсе, экс-президент өзүнүн абалын гана оорлотот. Россиядан келгенден кийин жөн жатпай, өлкөдөгү саясый  туруктуулукту буза турган деструктивдүү аракеттерди жасай турган болсо, өзүнүн жана үй бүлө мүчөлөрүнүн тагдырлары эң эле жакшы дегенде экинчи качкын президенттикиндей болорун АША эң сонун билет. Бирок, мүнөзүндөгү туруктуу сапаттардын бири — ашкере эмоционалдуулук жана авантюризм экендигин эске алганда, андан бардык нерселерди күтүүгө болот. Эгерде камаларына толук көзү жетсе, бардыгын тобокелге салып, бир ууч тарапташтары менен (андан көптү чогулта албайт) Ак үйдү басып алганга аракеттениши да мүмкүн. Бирок, андан эч нерсе чыкпайт, ал күн АШАнын саясаттагы гана эмес, эркиндиктеги да эң акыркы күнү болуп калат. Коррупциялык беренелерге кылмыш-жаза кодексиндеги андан оор беренелерди гана кошуп алат.

Булак: “Майдан. kg” 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу