Көргөн-өскөнү жаман Улан Исраилов…

ИИМ министри Улан Исраилов Ысык-Көлдөн келген аксакалдарды ит капкандай
кылыптыр. «Уулубузга жолугуп чепкен-калпагыбызды кийгизип, баталарыбызды берип
коёлу» -деп тээ Көл өрөөнүнөн келген аксакалдар ИИМдин имаратынын жанына келип,
Уланга байланыша албай жалдырап отурушту дейт. Посттогу милициялардан айттырса
«бош эмесмин» деген жообун бериптир. Айласы кеткен айылдык аксакалдар ары-бери
киргендерден айттырышат, андан эч кандай жыйынтык чыкпайт, акыры ачкадан
алсырай башташканда, «автобустан калып калабыз» дешип карайлап, каңырыктары
түтөп кетишиптир. Айылга келишип, аттын башындай болгон армандарын төгүп
ыйлакташкан тура кайран кишилер. Мындайда көргөн-өскөнү жаман дечү беле.

Мейли эми, Исраилов да бир күнү аксакал болоор.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу