Көпкөн көпөстөргө үлгү болгон Жекшенкулов…

Белгилүү коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов Чүй облусунун Панфилов районундагы К.Тилебалиев атындагы жатак мектеп-интернатына барып, жаңы жылды утурлай балдарды куттуктап кайтты. Ал мектепте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана жетим балдар тарбияланып билим алышат. Аликбек мырза бул мектептин бир классын алып, сегиз жылдан бери ошол класстын окуучуларына өз колдоосун көрсөтүп, жардамын берип келе жатыптыр. Аликбек мырзанын айтымында жылына 1-июнь балдар күнүндө жана жаңы жылда сөзсүз келип балдарга белектерин берип куттуктап кетээрин, жана башка жардамдарды берип тураарын белгиледи. Буга чейин бул класстын окуу парталарын жаңыртып бериптир. Буга утурлай эле аталган мектеп-интернатында дагы бир Аликбек Жекшенкулов атындагы математика кабинетинин ачылганына күбө болдук.

Мектептин шарты кыйла өзгөрүптүр. Арабдардын колдоосу менен мектепке заманбап үлгүдөгү имарат курулуп, имараттын ичинде авто унаа, чач тарач жана тикмечилик боюнча окутуп үйрөтүүчү  класстар ачылыптыр. Мындан тышкары быйыл заманбап жабдуулар менен жабдылган Орус тили кабинетинин ачылыш аземине күбө болдук. Бул мектепке ар-тараптуу демөөрчүлүк кылып келген жүрөгүндө мээрими бар бир топ карапайым инсандарыбыздын бар экени кубантты. Албетте мындай жетишкендиктерге жетүүнүн артында мектептин директору Раимбек Усупбаевдин эмгеги зор экенин айта кетпесек болбос.

Аликбек Жекшенкуловдун балдарга болгон мамилесин көрүп туруп боорукер адамдардан уучубуз куру эмес экенине ынандым.  Кыргызстанда колдоого муктаж  жаш балдар миңдеп саналат. Акчаларын самандай чачып жүргөн биздин Чиновниктерибиз, бизнесмен-оллигархтарыбыз, Аликбек мырзадан үлгү алып кароосуз калган  жетим балдарга жардам берип кайрымдуулук иштери менен алек болушса жакшы болмок. Бизде көбүнчө шайлоо жакындаганда гана саясатчы- байларыбыз карыларды, жетим балдарды ойлогон болуп саясий упай топтоого аракет кылышат. Ушундай терс көрүнүштөрдөн арылып биздин саясатчы-байларыбыз акчаларын асманга сапырбай, кайрымдуулук иштерине дагы көңүл бура жүрсө деген ойго келет экенсиң.

Фото репортаж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу