Көнгөн адатын илимге да пайдаланыптыр…

Кыргызстанда акыркы жьлдары жасалма илимий иш жактагандардын катары калың экени белгилүү болду. Плагиаттак кылып илимий даражага ээ болгондордун арасында элге төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуулардан баш адашат. Бирөөнүн эмгегин уурдап илимдин кандидаты, доктору болгон арсыздардын көч башында Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров турат экен. 2009-жылы экономикалык өнүгүү жана соода министри болуп турганда экономика илимдеринин доктору наамы үчүн «Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо стратегиясы» деп аталган 256 беттен турган диссертациясын жактап, анда Шайлообек Мусакожоев, Азгануш Мигранян, Авасбек Момункулов жана Нурматбек Мамбеталиев аттуу кыргызстандык илимпоздордун эмгектерин, Орусиянын Каржы академиясынын Л.В.Бараева деген студентинин 2002-жылы жазган курстук ишин колдонгон. Бирок Мусакожоевден башка авторлордун эмгектерине шилтеме берген эмес.

Кайран эргул, көнгөн адат калабы болуп, «уурулук» методун башкасы бүткөнсүп илимге да колдонгон экен. Коррупция боюнча ишине эми бул былыгын кошуп чара көрүшсө жарашмак, чалчаңдатпай…

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу