Көмүр бизнесинин көмүскө көзүрү “Графтын” артында Атамбаев турабы?

2014-жылы Кыргызстандын энергетика тармагында чоң чуу жараткан коррупциялык жаңжал чыкты. Чырмалган бул коррупциялык иштердин артында Казакстандагы миллиардерлер менен жергиликтүү таасирдүү чөйрөлөр турары айтылып келет.

Кыргызстандын энергетика тармагын «Ширшовдун схемасы» деп аталган коррупциялык схемалар курчап алганы Бакиевдин мезгилинен бери айтылып келатат. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин дагы анын аңызы токтогон эмес. Ага энергетика тармагындагы кризис жана көмүр сатып алуу, электр энергиясын сатуу, тендер өткөрүүдө коррупциялык жаңжалдардын чыгышы себеп болуп келет.

2014-жылдын август айында «Электрстанциялары» акционердик коому арзан баа койгон «Жезказган энергосбыт» компаниясын тандап алган.

Бирок, энергетика жана өнөр жай министрлиги «Жезказган энергосбыттын» көмүрүнүн калориялуулугу төмөн» деп сотко берген. Ага удаалаш «Жезказган» менен келишим түзүүгө «Электрстанциялары» акционердик коомунун жетекчилигин мажбурлады» деп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат 16-сентябрда кылмыш ишин козгогон. Мына ушул окуяда жыландын башы кылтыйып чыгып жатпайбы? Себеби бул жерде бийлик каалаган «Прогресс компани» компаниясы уткандын ордуна башка «Жезказган» компаниясы утуп чыкканы жаңжалдын башаты болуп калган. Анткени, мындай тандоого чыйпылыктаган энергетика министрлиги жогору жактын талабын аткаруу үчүн мыйзам бузуу аракетине барганы каңкууланган.

Себеби, «Жезказган» Кыргызстанга 630 миң тонна көмүрдүн бир тоннасын 39 доллар 70 центтен сатуу келишимине кол койсо, «Прогресс компани» андан үч доллар кымбат баа койгон. Ортодогу айырмачылык 2 млн. доллардын тегереги болууда. Мына ушундай акчалардын айынан таасирдүү чөйрөлөр айыгышкан күрөштү башташат. Ал таасирлүү чөйрөнүн артында Кыргызстанда көп жылдан бери бир булактан көмүр сатып келген «Прогресс компанинин» кожоюндары, казакстандык миллиардерлер Александр Машкевич жана «Граф» аттуу каймана аты бар Алижан Ибрагимов жана алардын Кыргызстандын жогорку чөйрөсүндөгү өнөктөштөрү турары маалымдалган. «Прогресс компани» теги кыргызстандык «Граф» деген каймана ат менен белгилүү олигарх Алижан Ибрагимовго таандык болгону жалганбы? Бул ишкердин өлкөдөгү таасирдүү адамдар менен жакшы мамиледе экени айтылып келген.

Атамбаев менен Салянованы тирештирген көмүр чуусу

Анда эмесе сөз башынан болсун, дал ушул көмүр чуусуна байланыштуу 2014-жылы ажо Атамбаев менен башкы прокурор Аида Салянованын ортосунда тирешүү башталган. 2015-жылдын январь айына чейин Атамбаев Салянованы сөзгө келтиргенге аракет кылган. Буга анын 2014-жылдын декабрь айынын аягында берген пресс-конференциясы далил. Ал анда Салянова жумушунан эч жакка кетпей турганы боюнча убада берген. Болбосо эмне үчүн сентябрда козголгон ишке Салянованын жолдошун араң 2015-жылдын январь айында чапташкан?! Жолдошу Бакыт Абдыкапаровду «көмүр коррупциясына тиешеси бар» деген дооматтарды Аида Салянова четке каккан. Кийин бул маселе ошол учурда парламентте көтөрүлүп, бирок аны иликтөөгө социал-демократтар фракциясы каршы чыккан.

Бул боюнча Салянова ошол учурда төмөндөгүчө өз оюн билдирген:

– Бул маселе парламентте көтөрүлүп, ошол кезде Феликс Кулов парламенттик комиссия түзүүнү сунуштаган. Бирок социал-демократтар фракциясы колдогон эмес. Эгерде чындык керек болсо, Салянованын жолдошунун катышы барбы же жокпу аныктап, чын-төгүнүн билүүгө аракеттенишсе, эмнеге ал демилгени колдобойт? Азыр деле кеч эмес. Азыр да түзүп иликтөөгө мен каршы эмесмин. Мурунку башкы прокурор президент маалыматтарды терең текшербей туруп, анын дарегине доомат айтышы чеки иш экенин эскерткен.

Бул жерде Атамбаев тарабынан Аида Саляновага карата куру доомат айтышканын далилдүү маалыматтар менен карап чыга турган болсок, 2014-жылдын 16-сентябрында көмүр ташууга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн натыйжасында жебенин учу энергетика министри Артыкбаевге барып такалганда Атамбаев аны иштен алуу менен жазадан куткарып, Салянованын баш ийбегендигине байланыштуу каралоо кампаниясын баштаган. Бийликтин көзөмөлү менен көмүр чырына байланыштуу козголгон кылмыш иштин негизинде өлкөдөн качып кеткен «Жезказган» компаниясынын өкүлү Т.Байхамбаев аттуу жаранды бийлик Белоруссияда качып жүргөн жеринен кармап, экстрадициялап Кыргызстанга алып келишип, соодалашуу жолу менен ага«Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаров бизге жардам берем деп убада кылган» дедиртип жаздыртышат. Мына ушул көрсөтмөнүн негизинде «көмүр коррупциясын токтотом» деген Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровду жалган жалаанын негизинде көмүр чырына катыштыгы бар катары айыпташып, январь айында кылмыш ишин козготкон. Баса, Байхамбаевди бул кылмыш ишине негизги фигурант катары кармап келишкен, мыйзам боюнча ал камакка алынууга тийиш эле. Бирок анын Абдыкапаровго карата берген көрсөтмөсү үчүн ошол замат негизги айыпталуучудан күбө статусуна өткөрүп, жазадан куткарып жиберишкен. Бул жерде көрсөтмөлөрдү бурмалап, «фальсификациялоого» УКМКнын дагы түздөн-түз тиешеси бар болгону, алардын кийлигишүүсү менен күбөлөрдү коркутуп-үркүтүп Аида Салянованын жолдошуна карата көрсөтмөлөрдү алуу аракеттери болгон. УКМКнын артында ким турган? Суроолор көп…

Демек, Салянованын жолдошун куугунтукка алуу менен «Салянованын оозун жабабыз» деген аракеттер болгону анык. Аныгында көмүр коррупциясы боюнча кылмыш иши 2014-жылдын сентябрь айында козголуп, тергөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү жетекчилер жана күбөлөр Бакыт Абдыкапаровду оозуна алган эмес, алтургай ага карата кылмыш иши козголгондо мындай адамды биринчи ирет көрүп жаткандарын айтышкан.

Атамбаев менен Салянованын ортосунда тирешүү күч алып турган маалда, ошол эле сентябрь айында белгисиз адамдар резиденцияга келип, кароолдо турган солдатты ур-токмокко алышып, Салянованын үйү кайсынысы экенин билүүгө аракет кылышкан. Бийлик бул маалыматты коомчулукка чыгарбай жашырып келген. Кийин Салянова депутат болуп турганда башкы прокурор Индира Жолдубаевага бул тууралуу суроону өзү жолдогон. Белгилүү блогер Улан Джумаков дагы бул кол салуу боюнча көп суроолорду берип келген. Эң кызыгы, бул кылмыш иши дале аягына чыкпай келет. Бизде суроо туулат, мамлекеттик кароолго алынган резиденцияга кирип келип солдатты сабап, Саляновага чабуул коюу аракетине кимдин эрки жетиши мүмкүн же бийлик бул операцияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ОПГ мүчөлөрү менен сүйлөшүүгө барганбы? Бул окуянын орун алуусу көмүр чырына байланыштуу болгонбу же дал келүүбү? Булардын артында ким турат? Бул суроого жооп алууга ар бир жаран кызыкдар болсо керек, бирок, тилекке каршы, алигиче бул суроо жоопсуз калып келет.

Мурдагы башкы прокурор президенттин айткан дооматтарын четке кагып, «көмүр чырына Атамбаев аралашты» делген маалымат болгонун билдирген. Буга далил катары Бишкек жылуулук борборуна көмүр ташуу укугуна ээ болгон казакстандык «Прогресс компани» ишканасынын артында Атамбаев турганын ошол кездеги жогорку жетекчилер айтып жүрүшкөн:

Аида Салянова: «Атамбаев калп айтканын качан токтотот?»

– «Бишкек шаарынын ЖЭБин ташкөмүр менен мыйзамсыз түрдө камсыз кылуу маселесине кимдин тиешеси бар?» десеңер, ал – Атамбаев! 2014-жылдын сентябрь айында мага бир маалымат жетти, ага ылайык акыркы жылдары бир булактан гана көмүр сатып алуу ыкмасы менен «Прогресс Компани» аттуу компаниянын кызыкчылыгын көздөгөнгө А.Атамбаев өзү кызыкдар экенин эшиттим. Ал кезде Кыргызстан рыногунда «Жезказган энергосбыт» деген дагы бир компания пайда болду, чындыгында «Прогресс Компаниникине» караганда, «Жезказгандын» көмүрү сапаттуу жана кыйла арзан экен. Экөөнүн айырмасы миллиондогон долларды түзгөн. Бирок дал ошол 2014-жылдын сентябрында болгон Көчмөндөр оюндарында Атамбаев «Прогресс Компанинин» ээсине (эл арасында аны «Граф» деп коюшат) көмүр ташып келишине тоскоолдук болбостугун убада кылган. Дал ушул жөнүндө «Электрстанцияларын» коркутуп, Артыкбаев ачык айтып чыкканы бар, анүстүнө бул маселе президенттин жеке көзөмөлүндө экенин да кыйыткан. Бишкектин ЖЭБине көмүрдү мыйзамсыз түрдө ташып келүү фактысы боюнча Артыкбаевге карата текшерүү баштаганы жатканымда, президент күтүүсүздөн аны кызматынан алып койду. Мен муну «тилин ташинин артына ката албагандыгы үчүн жазалады окшойт» деген тейде бааладым. Дал ошондон баштап мени жаманатты кылуу кампаниясы туш тараптан башталды. Кийин декабрда Атамбаев менин жолдошума карата эч негизсиз күнөө тагып, аны ачык айта баштаганда, бул шектенүүлөр негизсиз экенин далилдегенге аракет кылдым. Бирок президентке мунун кереги жок эле. Президенттин мындай жеңил ой мамилесинен улам мени каралоого жеке өзү кызыкдар экенин да угуп жаттым. Бирок, ошол эле учурда мага башка кызматтарды да сунуш кылып жатышты. Эгерде жолдошум боюнча шек санасам, мен ошол кызматгардан баш тартат белей? Акыры мен Атамбаевдин командасында калбастыгымды түшүнүшкөндөн кийин жолдошума карата кылмыш иштери дароо ачылды. Аны Кылмыш кодексинин 190-беренеси боюнча («Коркутуп-үркүтүү жолу менен келишим түзүүгө мажбурлаган») деген айыпты коюшту. Эң кызыгы, көмүр сатып алуу боюнча «Жезказган» компаниясы менен келишимди түзүүгө катышы бар баардык тарап «Электрстанциялардын» башкы директору, коммерциялык директору, башкы дирекциясынын баардык мүчөлөрү, каржы министрлиги – баардыгы бир ооздон менин жолдошумду эч качан көрүшпөгөндүгүн, ал жөнүндө угушпагандыгын айтышкан. Жолдошум бирөөсү менен да же телефон аркылуу сүйлөшкөн эмес, же жолугушкан эмес. Деги Атамбаев качан калп айтканын токтотот? – деп Аида Салянова ошол учурда бул постту өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыккан.

Эң кызыгы, Аида айымдын ушул постунан кийин ага карата жалган жалаанын негизинде «Елисеевдин лицензиясын узартууга» байланыштуу делген кылмыш ишин токуп чыгышкан. Көмүр чырын камтыган Эдил Байсаловдун «Атамбаевдин 11 досу» аталышында даярдаган чуулгандуу материалына назарыңыздарды бурабыз:

Абировдордун артында ким турат?

Бишкекте 31-мартта өткөн КСДП съездинде тартылган төмөнкү сүрөттү карасаңыз. Биринчи катарга, партиянын эң ардактуу төрүнө Алмазбек Атамбаев өзүнүн жанына кимди отургузду?

Бул жаш жигитгин – КСДПнын сыймыгы жана үмүтүнүн аты Жаныбек Абиров. Ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Атасы Болот Абировдун атына «Рассвет Компани» фирмасы катталган. Ал фирма Кыргызстандагы эң чоң мамлекеттик контракттарды аткарат. «Рассвет Компани» (буга чейин «Прогресс Компани») жыл сайын Бишкек ТЭЦине 50 миллион долларга чейин Казакстандан көмүр ташып келет. «Рассвет Компаниден» сырткары Болот Абировго «СIМ KG PROPERTIES» жана «Бока» деген фирмалар катталган. Ага ал Султанходжа Адылов менен кошо ээлик кылат. Интернеттен издесеңиз, бул фирмалар мурун казакстандык миллиардер, теги токмоктук уйгур Алижан Ибраимовго – айтылуу «Графка» тайиштүү экендери маалым.

Шабыркүлдүн көмүрү так ошол Алижан Ибрагимовдун кызыкчылыгында жылыга Бишкек ТЭЦине миллиарддаган сомго жүктөлөт. Эсиңиздерде болсо, Бишкек ЖЭБ реконструкция болордун алдында ал толугу менен Кыргызстандын көмүрүнө ылайыкталарын кабарланган. Бирок ага карабастан, реконструкция бүткөндөн кийин деле көмүр Шабыркүлдөн ташылып келатат.

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова 2016-жылы декабрда Facebook социалдык баракчасына төмөнкүдөй жазган пикиринде түздөн-түз Атамбаевди Алижан Ибрагимовдун кызыкчылыгында аракет көрүп, Осмонбек Артыкбаевге буйрук бергени, анан өзүнүн дагы иштен айдалышынын түпкү себеби дагы бул маселени иликтөө аракети үчүн болгонун жазган. Салянова түздөн-түз Атамбаевди коррупция кылмышына шектүү катары айыптаган. Муну Салянова Атамбаев кызматтан кеткенде эмес, ал киши президент болуп турганда, өзү Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда айткан. Кайсы гана өлкө болбосун, мурунку башкы прокурордун мындай дооматы укмуш резонанс жаратып, тергөө иштери башталмак. Бизде болсо Салянованы 8 жылга кесип, депутаттыктан ажыратып тынышты.

Атамбаевдин Алижан Ибрагимов менен кандайдыр бир коррупциялык мамилеси бар же жок экендиги боюнча суроого милдеттүү түрдө толук жана так жооп алышыбыз керек. Мына ушундай фактылардан соң Салянованы кызматтан кетирген, ТЭЦке 50 миллион долларга жыл сайын көмүр ташыган, Терек-Сайдагы 500 миллион долларлык кеңди алган, «Акылдуу шаар» долбооруна катышууга тумшугун салган, Жерүйдү сатып алган, «Мегакомду» сатып алууга аракетгенген кайсы күч, кандай адам? Айылда жашаган 26 жаштагы Пархатиби же ким? Атамбаевдин мындай «досторунан» дагы канчасы бар? – деп жыйынтыктайт Байсалов.

Учур чак

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, учурда Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу боюнча тендер жарыяланып, жогоруда аты аталган компаниялар жана «Граф» каймана аттуулар кайрадан катышып жатканын эшиттик. Керек болсо 2014-жылдагыдай жагдайлар кайталанып, алардын кайрадан көмүр бизнесин өз көзөмөлдөрүнө алуусуна жол, ачылып жатканы кандай? Дале Атамбаевдин бул тармакка таасири күчтүүбү? Андыктан «коррупция менен күрөшүүдө ким экенине карабай ачык күрөшөм» деген урматтуу президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович коррупцияга белчесинен малынган бул тармакты иретке келтиреби же эски система кайра уланабы? Эгер президентибиз бул тармакты жөнгө салууга белсене киришсе, мыйзамсыз сол чөнтөккө солонуп келген миллиондорду өлкө казынасына түшүрүүгө өбөлгө түзмөк.

Адыл Бектурганов

Булак: АЗИЯньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу