Көмүрдүн баасын негизсиз кымбаттаткан ишкерлер 50 миң сомго чейин айыпка жыгылат (Өлкө боюнча көмүрдүн бирдиктүү баалары)

2018-жылдын 16-февралына чейин ишкерлер көмүрдүн баасын өкмөт тарабынан бекитилген баада гана сата алышат. Бекитилген норманы сактабаган ишкерлерге 10 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул салынат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары Кеңешбай Тайлаков 1-декабрда өткөргөн маалымат жыйынында айтты. Анын белгилешинче, ар бир облуста жумушчу топ түзүлүп, алар көмүрдүн баасын көзөмөлдөп турушат.

«Биз өкмөттүн токтомунун негизинде көмүрдүн бааларын өлкө аймагы боюнча белгилеп чыктык. Эми аны көзөмөлдөө үчүн аймактарда жумушчу топ түзөбүз. Бааны негизсиз жогорулаткан тараптар айыпка жыгылат«, — деди Тайлаков.

Ошондой эле өкмөттүн 16-ноябрдагы 745-токтомуна ылайык өлкө аймактарында сатылып жаткан көмүрдүн баасы бекитилди. Мындан тышкары ноябрь айында кымбаттап кеткен көмүрдүн баасы 20 пайызга арзандатылды.

«Баткен облусунда көмүр башка аймактарга караганда эң кымбат сатылып жаткан. Мисалы, 1 тонна көмүр 9 миң сомго жеткен болчу. Азыр 7 миң сомго түшүрдүк. Көмүр казуу жайлар көп болгону менен, аны казып алуу үчүн техникалардын жоктугунан кол менен казып алынат. Ошондуктан кымбат», — деди Тайлаков.

Өкмөт бекиткен баага ылайык, учурда 1 тонна көмүр Бишкекте 3800-4000 сом, Чүйдө 3900-5000 сом, Ысык-Көлдө 3500-6500 сом, Таласта 4700-6700 сом, Нарында 2000-4250 сом, Жалал-Абадда 4430-6080 сом, Баткенде 3570-7000 сом, Ош облусунда 1500-6000 сом, Ош шаарында 4400 сомдон 5200 сомго чейин сатылууда.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу