Көлдөгү Ипподромдогу коррупциядан да Сапар Исаковдун “кулагы” көрүндү

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковду бекеринен “оң колум” дебесе керек деп калдык. Ал өзүнүн сол колу менен даарат алып туруп, “оң колу” менен мамлекетибизде жүзөгө ашкан бардык долбоорлордон миллиондорду жей берген көрүнөт. 

Буга чейин Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо, Тарых музейин реконструкциялоодо ири коррупция жойлоп кеткени, алардын башында ошол убакта КР президентинин аппаратында тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган С. Исаков турганы коомчулукка белгилүү болгон. Эми алардан тышкары Ысык-Көлдөгү ипподромдун курулушундагы мыйзам бузуулардан да С. Исаковдун “кулагы” көрүнө баштады.
Тактап айтсак, УКМК менен Эсеп палатасы Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн курулган ипподромго сарпталган каражаттын чоо-жайын текшерүүгө алып атканы маалым болду. Бүгүнкү күнгө чейинки текшерүүлөрдө Ысык-Көлдүн Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Долоноту кыштагында ат майдандын курулушунда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” жана “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын ченемдери бузулганы белгилүү болду.

Бул курулушту курууга башында 480 миллион сом белгиленген болсо, жыйынтыгында ал 1 млрд 584 миллион сом болуп калган. Демек, башында белгиленген суммадан үч эседен да ашыгыраак. Курулуш иштеринин көлөмүн 10 млн сомдон ашуун суммада жасалма түрдө жогорулаткан факты да аныкталган. Анан дагы 144 млн сомдун кайда сарпталганы боюнча эч кандай документтер жок экени тастыкталган.
УКМКнын атайын өкүлү Р. Сулаймановдун айтымында, Республикалык сертификаттоо борборунун Сыноо лабораториясынын экспертизасына ылайык, 31 миллион 398 миң сомго төшөлгөн асфальт талапка жооп бербейт. Ал эми 8 млн 244 миң сомго жасалган темир ферма долбоорго ылайык салынган эместиги билинген.

Айтор, дагы казылса, бул ипподромдун курулушунан дагы бир топ былыктар калкып чыкчудай. Андан башка дагы бир катар долбоорлор бар экенин эске алганда, алардан да ушул сыяктуу коррупциялык көрүнүштөр чыгышы мүмкүн. Алардын жүзөгө ашуусунда да С. Исаковдун ролу болгон. Мындан улам эгер баардык долбоорлор боюнча кылмыш иштери козголсо, анда Сапар мырзаны өмүр бою эле эркинен ажыратууга туура келет окшойт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу