Көк чайдын жардамы менен арыктаңыз!

Көк чай бир гана ашыкча салмактан арылтпай, организмди шлактардан тазалоого жардам берет. Зат алмашууну жөнгө салат, териңизди жакшыртып, өмүрүңүздү узартат. Курамындагы витаминдер авитаминоздон сактайт.

Ашыкча салмактан арылып, натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн көк чайды туура демдөө жана сактоо керек. Аны оозу жакшы жабылган айнек идишке сактоо кажет. Болбосо көк чайдын жалбырактары сырттагы жыттарды өзүнө бат сиңирип алат. Мындан тышкары көк чайдын туура эмес сакталышы курамындагы көптөгөн пайдалуу заттарды жоголуусуна алып келет.

Көк чайды демдөөдө төмөнкү эрежелер сактаңыз!

Биринчиден көк чайды кайнап жаткан сууга эмес, ысык сууга демдөө керек. Суунун температурасы 70-80 градус болууга тийиш.

Экинчиден чайды үнөмдөбөй эле, бир стакан сууга эки чай кашык салыңыз.

Үчүнчүдөн көк чайдын үстүнө куюлган биринчи сууну төгүп салып, экинчи ирет кайрадан суу куюңуз. Мына ушул учурда чайдын жалбырактары толук ачылып, анын жыпар жыты жана пайдалуу заттарынын баары сууга чыгат. Диета учурунда күнүнө эки литрге жакын көк чай ичиңиз. Чайдын ири жалбырактуу, сапаттуусун тандаңыз. Чайды муздак жана ысык абалда да ичүүгө болот.

Көк чай диета учурунда башка тамак-аштардын дээрлик бардыгын жей берсеңиз болот. Мисалы, эт, балык, сүт, жашылча-жемиштер ж.б

Ал эми баш тартуучу азыктар-өтө майлуу тамактар, ун азыктары жана таттуулар. Тамак жеген соң дароо көк чайды ичүүгө болбойт. Аны тамактанарга жарым саат калганда же тамактан соң жарым сааттан кийин ичүү керек.

Көк чай диетасы абдан жөнөкөй жана зыянсыз. Бир ай үзгүлтүксүз кармалган көк чай диетасынан 10 килограмм ашыкча салмактан арылууга болот.

БУЛАК:.zaman.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу