Көк бөрү ЮНЕСКОго кирди

ЮНЕСКО III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алып, “Көк-бөрү” оюнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусунда билдирди.

Солтонгелдиеванын айтымында, «Көк-бөрү» салттуу ат оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эсмес маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине киргизилди. Бул чечим Улуттук комиссиянын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, өлкөнүн эксперттери менен биргеликтеги 4 жылдык ишмердигинин натыйжасы болду.

Президент өз кезегинде, мындай чечим бардык кыргызстандыктар үчүн чоң жетишкендик, сыймык жана жеңиш экенин белгиледи.

«ЮНЕСКОнун патронаты Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык аренада кадыр-баркын көтөрөт. Биз ушул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында улуттук кыргыз оюну «Көк-бөрүнүн» деңгээлин көтөрүп, бүт дүйнөгө белгилүү кылып таанытканбыз. «Көк-бөрү» — бул кыргыз элинин байыркы жоокерчилик доорунан бери сакталып келген, кылым карыткан, муундан муунга мурас катары уланган жана бүгүн дагы эл арасына кеңири тараган оюн. Мен дагы бул оюнду ойногом, улам-улам ойногуң келип, өзүнө тартып турат», — деди президент.

Белгилей кетсек, аталган тизмеге буга чейин «Манас, Семетей, Сейтек» үчилтиги, төкмө акындардын өнөрү, ала-кийиз, шырдак жасоо өнөрү, боз үйдү жасоо, Айтыш төкмөчүлүк өнөрү, киргизилген.

Азыркы кезде кыргыздардын салттуу баш кийими ак калпакты жана Саймалуу-Таш петроглифтерин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

 

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу