Көз айнек тандоодо кыйналып жатасызбы?

Күндөн коргоочу көз айнек – эң керектүү жана маанилүү заттардын бири. Эгер туура тандай алсаңыз, ал сиздин сырткы келбетиңизге сулуулук тартуулайт.

Квадрат бет формасына арналган көз айнек

Эгер сиздин бетиңиз квадрат формасында болсо, анда дөңгөлөк формасындагы көз айнек алыңыз. Көз айнектин андай түрү сиздин жүзүңүз менен жарашыктуу болуп, жак сөөгүңүз менен ээкти назик кылып көрсөтөт. Ал эми төрт бурчтуу же сүйрү болгон көз айнектерди такпаңыз.

Тоголок бетке арналган көз айнек

Ал эми тоголок бет формасы үчүн квадрат стилиндеги көз айнектер ыңгайлуу. Көз айнектин жээктери беттин тоголок экендигин билдирбей, кемчилигин жаап, жашырат. Бирок эч кандай XXL өлчөмүндөгү көз айнектерге көзүңүз түшпөсүн. Алар сиздин жарым бетиңизди жаап калат.

Үч бурчтуу бетке арналган көз айнек

Үч бурчтуу же болбосо жүрөк формасында болгон бетке «көпөлөк» стилиндеги көз айнектер жарашат.

Төрт бурчтуу формадагы бетке арнылган бет формасы

Эгер бетиңиз төрт бурчтуу формасында болсо анда тоголок, 70чи жылдардагы чарчы көз айнектерге карай буруңуз.

Сүйрү келген беттер үчүн

Сүйрү бетке да жүрөк формасы сыяктуу бардык типтеги көз айнектер ыңгайлуу. Бирок бир нече эреже боюнча төмөндөгүдөй нерселерди эске алган оң:

Көз айнектин жээги бет силуэтинен ашпаш керек.

Көз айнектин жогорку бөлүгү каштан жогору болбошу тийиш. Тең деңгээлде болсо болот.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу