Көзү ачыкка барып, күйөөмдү өлтүрүп алдым…

Биздин NazarNews.kg агенттигине каарманыбыз өзүнүн арыз- муңун бөлүшүп кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.

Биз Азамат экөөбүз жумуштан таанышып, калдык. Ал бизге бөлүмгө жетекчи болуп келген. Бара-бара мамилебиз ысык болуп кетти. Мамиле курганыбызга беш ай болгондо, сүйгөнүм менден эмнегедир алыстагандай сезилди. Маанайы суз болуп, менин болгон кемчиликтеримди чукуй баштады. Аракетимди күчтөп суракка алганымда, мага суук кабарын угузду. “Менин кудалашкан кызым бар, ага үйлөнбөсөм болбойт, жигиттик намыс деген бар, болгондо да досумдун карындашы ” – деди, мага күнөөлүү көздөрү менен карап. Мен унчукпай туруп кеттим, жол бою көз жашымды көлдөй төгүп бараттым.

Бир ай үйдө жата бердим, жумушка да баралбадым. Соолуп бара жаткан гүлдөй оорудум. Тамак эмес суу өтпөдү кекиртектен. Бир куну жумушка арызымды жазайын деп келсем, колунан нике –шакегин көрдүм. Эсимди жоготоюн деп барып, өзүмдү араң кармадым. Ичимден соороттум, “баары бир Кыял сен жеңесин”- деп. Өзүмдү шылдыңга калгандай сездим, себеби жумуштагылар баары биздин мамилени билет эле. Кандай чыйралдым билбейм, бирок арыз жазып жумуштан кетейин деген оюмдан кайра баш тарттым. Менде сүйүү өлүп, өч алуу сезими күч ала баштады.

“Дордой плазага барып”, кымбат, саркеч кийимдерди сатып алдым, көзүнө бактылуу көрүнгүм келди. Мен каалагандай болду. Менин кайра тирилгенимди көрүп, Азамат жолумду тороп биздин мамилени жандандыруу үчүн чечкиндүү аракетин көрө баштады. Ошентип, Азамат экөөбүз кайра жолуга баштадык. Аялына арыздана баштады. Мага келинчегини төшөктө макоо экендигин айтып, жада калса кыздыгын алып жатканда мени элестетип алгандыгын айтып, көзүмдүн карегинен айлана баштады.

Бирок, Азаматтын оюна койсом мени ойнош катары колдонгусу бар экенин көрүп, бир көзү ачык күчтүү молдого бардым. Ал мага тузду окутуп берип, бара жатканда артына сээп сал деди. Баарын көзү ачык аял айткандай кылдым. Ай айланбай Азамат колуктусу менен ажырашты. Менин кыялым орундалып, ага турмушка чыктым, 2 кыздуу болдук. Бирок ошол күндөн баштап, менин жашоом тескери нукка түштү. Баягы Азаматтын иши такыр жүрбөй калды. Ишинен айдалды, жеке бизнеси токтоду. Оору сыркоо жабышты. Ичпеген Азаматым ичкиликке бериле баштады, акыры бул дүйнө менен кош айтышты.

Кара магиянын айынанбы, же баягы келиндин көз жашыбы билбейм, айтор, үчөөбүздүн тагдырыбыз талкаланды. Тилегеним эле кыздарыма көрүнбөсө экен дейм. Жаш кыздарга айтарым, магиянын агына да, карасына да жолобогула.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу