Көзүңүз мүнөзүңүздөн кабар берет

Чыгыш эли “көз – жан дүйнөнүн күзгүсү” деп бекеринен айтышпагандыр. Чынында эле биз кайсы бир адамдын көзүнө тиктөө аркылуу анын ички оюн, мүнөзүн, адамдык сапаттарын билүүгө аракет кылган учурларыбыз аз эмес. Анткени адамдын эч бир сырткы органы ээси тууралуу көз айтып бергенчелик айтып бере албайт. Жакында окумуштуулар бул багытта изилдөө жүргүзүшүп, ал тургай көздүн түзүлүшүн жаныбарлардыкына салыштырып чыгышты.

 

Ажыдаар көз

Түзүлүшү: Чоң, бакыракай. Каректеринин түсү капкара, тептегерек болуп көрүнүп, жымыңдап жылдыз жанып турат. Сурмасынын түзүлүшү абдан сулуу.

Мындай көздүүлөр: Бийлик жана аброй күткөндү, башкарганды жактырат. Эч кимге баш ийгиси келбейт. Башкалардан өтө акылдуулугу менен айырмаланып, эске тутуусу мыкты өнүккөн. Абдан кайраттуу. Мындай көздүүлөрдүн көбү – саясатчылар, эл башкаргандар, тарыхта аты калган улуу инсандар.

 

Шумкар көз

Түзүлүшү: Анча чоң эмес, бир аз ичкерээк келген узун көз. Сырткы кычыгынан нур сыяктуу тараган билинер-билинбес азыраак бырыштарды көрүүгө болот.

Мындай көздүүлөр: Сезимтал, акыл-эс кампасы кенен, көп кырдуу таланттардын ээси. Ишкер, уюштуруу жөндөмүнө ээ адам. Шумкар көздүүлөрдүн арасынан окумуштуулар жана сүрөтчүлөр көп чыгат.

 

Арстан көз

Түзүлүшү: Өтө чоң көз. Үстүнкү кабагы мурун жакты көздөй салаңдап, көздүн асты да бир-эки кат сурмасы бар сыяктуу болуп катталып турат.

Мындай көздүүлөр: Абдан калыс, акыйкатты сүйгөн, чоң мекемелерде иштеп, көпчүлүктү башкарган адам. Кайраттуу, чечкиндүү, акылдуу, бир нерсеге ой жүгүртө билет. Талапты бекем койгон жана иштин көзүн мыкты билген сапаты бар. Арстан көздүүлөр – лидерлер, бизнесмендер, чоң-чоң фирмалардын жетекчилери, аскер кызматындагы жетекчилер.

 

Пил көз

Түзүлүшү: Кичинекей, ичке, узун. Сурмасы эки же үч кат.

Мындай көздүүлөр: Токтоо, иш кылганда, ойлонгондо таптакыр шашылбайт. Боорукер, кең пейил, сыйчыл, сезимтал, достукту баалайт. Сүйүү сезиминде өтө кумарлуу. Адамдар менен тез тил табышып, ден соолугу чың. Дайыма ийгиликтин ээси. Пил көздүүлөрдүн көпчүлүгү – семиздер.

 

Жолборс көз

Түзүлүшү: Чоң, ботонукундай тептегерек. Көздүн агы саргыч тартып турат.

Мындай көздүүлөр: Эр жүрөк, өз оюн бербеген көк бет, ачуулуу, катаал мүнөздүү, өзүн-өзү сүйөт. Тез ойлонуп, тез чечим кабыл алат, көздөгөн максатына жетмейинче эс албайт. Ал үчүн болгон аракетин жумшайт. Акчаны жакшы көрөт, бирок сараң. Анткен менен достукка мыкты. Булар – эл ичинде көрүнүктүү орунду ээлеген, өлкө башкарган, эл көзүнө көрүнгөн жогорку катардагы адамдар.

 

Кой көз

Түзүлүшү: Кичинекей, бүтүк. Карегинин түсү кочкул күрөң.

Мындай көздүүлөр: Жакшы тамактанып, жакшы эс алганды жактырат. Маанайы бат-баттан өзгөрүлмө, өтө кумарлуу, сүйүүгө туруксуз, өзүнө анча ишенбейт, бир аз коркогураак. Турмуштагы ар кандай кыйынчылыктарга туруштук бере албайт. Депрессияга жакын. Изилдөөлөргө караганда, кой көздүүлөрдүн арасында тагдырдын соккусуна чыдай албай чөгүп кеткендер, өзүн-өзү жок кылгандар, зордук-зомбулук менен киши колдуу болуп өлгөндөр көп кездешет.

 

Жылкы көз

Түзүлүшү: Үч бурчтук түзүлүшүндөгү чоң көз. Үстүңкү кабагы ылдый салаңдап турат.

Мындай көздүүлөр: Токтоо, бирок тез ачуусу келет. Абдан эмоционалдуу, маанайы туруксуз, тобокелге баруудан качпаган, эркиндикти, эмгекти сүйгөн жан. Өтө акылдуу, бир нерсени тез аңдап түшүнөт, ичине сыр ката албайт. Жылкы көздүүлөр – негизинен интеллигенттер, искусство адамдары, кырсыкка, бактысыздыкка көп учурагандар.

 

Каман көз

Түзүлүшү: Сурмасы жок, бирок кичинекей эмес, өтө чоң да эмес көз. Кабагы салаңдап келип көздүн үстү жагын жаап калган. Карегинин түсү каралжын.

Мындай көздүүлөр: Каардуу, орой, өтө акылдуу эмес, бирок амалкөй жана күчтүү. Көпчүлүк учурда ойлонбой туруп иш кылып алат. Көз карашы митаам. Ден соолугу начар болгондуктан, көпчүлүгү терең карылыкка чейин жашабайт. Каман көздүүлөр – кара жумушта иштегендер, жөнөкөй, катардагы кызматкерлер.

 

Карышкыр көз

Түзүлүшү: Узун, ичкерээк. Кареги кичинекей.

Мындай көздүүлөр: Каардуу, ачуулуу, кекчил, мүнөзү оор, таш боор, акылы кыска. Принципке турбайт, уяты жок, бирөөнү сатып кетүүдөн, кордоодон тартынбайт. Карышкыр көздүүлөрдүн арасынан киши өлтүргүчтөр, ар кандай кылмышкерлер, кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери көп чыгат.

 

Маймыл көз

Түзүлүшү: Өтө чоң эмес, кичинекейирээк, бирок сурмалуу. Көзүнүн астында эки кат сурмасы бар. Каректеринин түсү кара.

Мындай көздүүлөр: Мүнөзү туруксуз, тынчы жок, куу, митаам, шекчил, чыдамсыз, кекчил. “Эсептешкен дос болбойт” дегендей, ар ким менен эсептеше берет, ошондуктан адамдар менен тил табышуусу кыйын. Айымдар улам бир эркек менен, эркектер улам бир айым менен мамиле түзгөндү жактырат. Кимдир бирөө төшөк мамилесине чакырса, оңой эле макул болуп кучагына түшөт.

 

Балык көз

Түзүлүшү: Өтө чоң эмес көз. Кабагы көздүн ички кычыгын көздөй салаңдап, кичинекей сурмасын жарым-жартылай жаап турат.

Мындай көздүүлөр: Абдан жай жана аз кыймылдайт, такыр шашпайт, энергиясы аз. Сыртынан караганда өтө токтоо адамга окшошуп көрүнөт. Мүнөзү туруксуз. Аягы суюк, сексуалдык жүрүш-турушу бузулуп бүткөн.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу