Көздөн алыстаган адам, көңүлдөн да алыстайт…

Билем, бул кат сага жетпейт. Сага жетчү болсо, мен бул катты жазбайт элем. Барын ичке түйүп, өзүм менен чогуу оо дүйнөгө алып кетейин дегенмин. Бирок, бул сезим мага түнкүсүн уйку бербечүдөй болду. Балким жүрөк оорумдун бир уучун сыртка чыгарып алсам, бир аз да болсо жеңилдейт белем деген үмүт…….

Билесинби, сенин айыңдан мен күздү, кышты, жазды жек көрүп калдым. Анткени жай гана сени элестетпейт. Жайында мен эч нерсеге кылчайбай басып кете берем. Бирок жалбырактар сарагайгандан тарта, адатта мага кубаныч алып келген күзгү жамгыр, карангы түндү жарытып себелеп түшкөн ак кар, бүчүр байлаган бутак, баары эми мени азапка салчу болду. Эгерде тагдырым ушундай нукка буруларын билгенде, мен биздин алгачкы жолугушууга бармак эмесмин…

Сен жөнүндө терс пикирлерди көп укчумун. Ким болбосун «ал жакшы адам» деп сөзүн баштаганы менен, акыры келип, сени жек көргөндүгүн далилдечү. Ал кезде мен маани деле бербеген экенмин. Жөн эле угарман катары угуп койчумун. Сен менен да алардын сөзүн тастыктоо же жокко чыгаруу үчүн эле сүйлөшүп көргөнмүн. Анткени эмнегедир аларга ишенчү эмесмин. Адатта тобокелдикти жакшы көргөндүктөн, башкалар жаман көргөн нерседен жакшы нерсени табууну кыялданчумун….

Биз жакшы келиштик. Мен биринчи жолу башка бирөөнү көпкө тыңдап укканга үйрөндүм. Сен эмне тууралуу сүйлөп жатканың маанилүү эмес эле.  Сен айткан айрым сөздөр мага кызыксыз болсо да, мен уга берээр элем. Эмнеге экенин билбейм, бирок кээде мага калп айтчусун. Мен да билмексен болуп уга берчү элем. Башкалардын жанында катардагы киши, жок дегенде менин алдымда өзгөчө экенин түшүнсүн десем керек да… Кандай болгон учурда да унчукпай жетелешип басуунун өзү мага чоң ырахат тартуулап турчу. Муздаган колдоруму сен эле ысытаар элең. Эмнегедир ошол кыштын суугун сезген жокмун… Күндөр өтө берди. Кыйынсын да. Акырындык менен эч кимге ийилбеген мени да жибитип алдынң. Апам менен атам гана билчү кыялымды эми сага көрсөтчү болдум…

Кызыгы сени менен бирге болгонума ыраазы болуп, бакытка балкып турганда, сен жөнүндө уккан кептердин аягы үзүлбөй койду. Бул  жараткандын сыноосу беле, билбейм, мени ээрчип келип сен жөнүндө түрдүү кептерди айткандардын аягы  тыйылган жок. Мен да дал сени уккандай, аларды да угуп, айрым учурда сөзүңө сөз кошуп, маселени дагы тереңирээк түшүнүү үчүн, кээде кеңеш сурап коюп отура берчүүмүн. Кызыгы алар айткан ар бир сөз, сенин чындыгында мыкты экендигинди далилдеп турчу. Ошон үчүн мен аларды угар элем. Анан сени көргөн сайын, жаратканга «Ушул байкушту мага бергениңе рахмат. Мейли бүтүн дүйнө аны жек көрсүн, мен анын мыкты адам экендигин далилдейм. Ал чындыгында өзгөчө  да. Буга чейин мен уккан сөздөрдүн баарын ал бир көз караш менен эле жокко чыгарбадыбы?! Мен ушул адамды күтүп, башкаларга көңүл бурбай жүрбөдүм беле?! Бул менин адамым. Менсиз ал жок болуп кетет» деп өзүмө өзүм убада берчүмүн. Аттиң, ошондо бул мени менен калгысы келеби деп суроо берген эмес экенмин….

Бир күнү сен мени таштап кеттиң. Менин сен жөнүндө башкалар менен кеп курганым, сага катуу тийдиби? Сен муну саткынчылык деп бааладыңбы, билбейм. Балким «мындан жакшы адам чыкпайт го» деп ойлодуң? А балким… а балким…а балким башка бирөө жолуңду торой чыгып, мен жакка келчү багытты тороп койду… Мен болжогон жооптордун эң эле чындыкка жакыны ушул го дейм. Болбосо жакшы көргөн адамың таштап кетеби?! Же….жакшы көрүү сезими сенде болгон эмес…

Ата-жотосун тааныбаган такыр эле чоочун адам бир күн келип менин эң жакын адамыма айланат деп ойлобогон экенмин. Жакыныңдан айрылуу да кыйын. Эми эмнесин айтасың, ыйлай берип, көзүмдүн чекесине тырыш түштү. Сени деп элжиреген жүрөгүмдү, кыштын узак түндөрү, мен баскан тоонун чокулары, буркан-шаркан аккан суулар анан менин ыйымды тең бөлүшкөн төрт дубал эстеп кала турган болду. Анан айла канча? Бассам, турсам оюм сенде, түшүмдө көрсөм моокумум канат беле деп кудайдан «түшүмдө көрсөтчү» деп суранам…Бирок же өңүмдө же түшүмдө сени кудум мурдагыдай жайдары кездештире албай койдум. «Мага аны кайрып бер. Оо жараткан, мен эми эч кимди антип сүйө албайм. Ал менсиз кандай күнгө туш болот? Ансыз да адамдардан көңүлү калып, баарын жасалмалуу жылмайып женген байкушум, эми түбөлүккө жүрөгүн кулпулап албайбы?» деген ойлор  жүрөгүмдү жеди. Сен менин жашоомо дал ушинтип кирдиң да, менде болгон жылуулуктун баарын алып, эт менен сөөгүмдү гана калтырып кете бердиң…

Жакында бир досума жогулуп калып, сүйлөшүп отурдук. Мени карап «күлчү» дейт. Жылмаюу чын дилден чыкпаганын сезип «мурдагыдай күлбөй калыпсын, эмне болду сага» деп таңданат. «Жашоо тарбиялайт экен» деп жооп бердим…

Кечээ жумушта олтуруп, көзүм соцтармактардагы досторумдун арасынан сени көрдү. Жүрөгүм жылый түштү. Күнүгө баракчаңа бир кирип сүрөтүңү көрбөсөм жарылып кетчүдөй болчу элем, баракчаны ачпаганыма көп болгон экен. Ар дайым атың биринчи жазылып турчу. Тандалгандардын «избранные» арасында да биринчи турчусун. Эми бир топ төмөн түшүп кетипсин. «Көздөн алыс, көңүлдөн да алыс болот» деген чын окшойт. Убакыт адамды дарылайт экен да…Башка айла барбы?!

Билесиңби, мени таштап кеткениңе ыраазымын.Чын айтам, ыраазымын. Болбосо биз экөөбүз туура эмес иштерди кылып коймокпуз. Кудай мени сактады го. Мен сага таарынбайм. Жек көрбөйм, тилдеп каргабайм. Биз убакыттан эрте жолугуп калган экенбиз. Ал кезде сен башыңдан көп нерсени өткөргөн тажрыйбалуу адам элен. Мен болсо көп нерсени түшүнүүгө аракет кылган адам элем. Баары мен үчүн биринчи жолу болгондуктан, анча-мынча нерсени аңдап түшүнүү үчүн мага убакыт керек эле. Сага болсо өзүңө окшогон тажрыйбалуу, кези келсе үндөбөй басып кетчү адам зарыл болчу…

Аягында айтаарым, бакыттын туу чокусуна жеткиргениңе рахмат. Кош, кайда болбо аман бол. Мен сени жакшы көргөнүм үчүн эмес, сен чанда кезиккен бала кыял, назик анан таза болгонуң үчүн ар дайым жүрөгүмдүн түпкүрүнөн бул боштукка толгон дүйнөдө жок болуп кетпешиңди тилейм…

Булак: «oshpirim.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу