Көздү компьютерден кантип коргосо болот?

Бүгүнкү күндө дүйнө медицинасындагы башкы маселе көз оорулары болуп жатат. Кош каректин сактыгы – баа жеткис байлык. Адам өзүңүн көрүү жөндөмүн табияттын белеги деп билип, аны баалай билүүсү керек. Тамекиден баш тартып, компьютердин алдында узак убакыт отурбасак көзүбүздү көптөгөн оорудан сактап кала алабыз. Көздү кантип коргоого болот? Сиздер үчүн көзгдү күтүүнүн пайдалуу кеңештерин сунуштайбыз:

Көз шишип кетсе, бир кашык тузду бир стакан сууга жылуу сууга эзип, кездемени сууга малып, көзгө бир нече мүнөт басуу керек. Көздүн шишиги тарайт.

Эртең менен турганда бир стакан жылуу лимон суусун ичсе, денедеги шлакты айдап, көз булчуң эттинин бошошун алдын алат;

Беттин кургашынан же болбосо экран алдында отуруп сууну көп ичкенде көз шишисе, алгач муздак суу менен бетти жууп, муздак сууга чыланган сүлгүнү көзгө басуу керек. Арак ичкенде же ашыкча көп жумуш иштегенден улам көз шишигенде, жылуу сууга малынган сүлгүнү көзгө басса, көздөгү кан айлануу жакшырып, көз булчуң этинин талуусун активдештирүүгө болот;

Көз терисине ылайык келген крем тандоо өтө маанилүү. Адатта, сыкма майлардын азыктандыруучу кубаты жогору болот, көздүн тегерегидеги суунун курамын толуктайт. Көздүн шишиши көбүнчө көздүн тегерегине суунун жыйналып калуусунан болот.

Эки же үч саатта бир жолу жөнөкөй көз гимнастикасын жасоо аркылуу экранга кароодон пайда болгон көздүн талуусун жок кылуу зарыл;

Түшкү тамактан кийин көздү укалап турса, көздүн тегерегиндеги кандын айлануусу жакшырат. Мисалы, ортонку манжа жана сөөмөй менен көздү жакшылап укаласа, көздөгү меристемалардын кызматы жакшырат.

БУЛАК:.zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу