Көздүн көрүүсүн жакшыртуучу 10 ыкма…

Көз – адамдын дүйнөнү көрүүчү, маалыматты кабылдоочу, түшүнүүчү куралы. Адам өзүнүн көрүү жөндөмүн табияттын белеги деп билип, аны баалай билиши керек. Бирок компьютердин заманында адамдар күн өткөн сайын экран алдында убакытын көп өткөрүүдө. Көзгө басымдын көп түшкөнүнөн жана анын тез чарчап калуусунан көздөр талып, кээ бир убакта көрүү жөндөмү төмөндөп кетүүдө. Аны кантип алдын алабыз? Көз ооруларына чалдыкпаш үчүн эмне кылабыз?

Тамеки чегүүнү таштаңыз

Эгер сиз тамеки чексеңиз, ал өпкөнү гана жабыркатпастан көзгө да зыян тийгизет. Тамеки чегүү көздүн басымын көтөрөт, ал эми бул түрдүү көз ооруларына алып келет.

Карагат жеңиз

Карагат көздүн көрүү жөндөмүн арттырып, чарчоону басат жана көз ооруларын алдын алат. Карагатты дары бойдон колдонгондон көрө, жемиш турүндө колдонгон пайдалуу.

Витамин ичиңиз

Статистика боюнча витаминдерди ичкен адамдардын көз ооруларына чалдыгуу коркунучу төмөн экендигин көрсөтүп жатат.

Мониторду туура коюңуз

Компьютер менен жумуш иштеген учурда монитор көз деңгээлинен төмөн туруш керек. Ошол кезде сиздин жогорку кабагыңыз ылдый түшүп, ал көздүн ичиндеги суюктуктар азайып «кургак көз» синдромунун болуусуна тоскоолдук жаратат.

Көп сейилдеңиз

Таза абада сейилдөө организмге анын ичинде көзгө жакшы таасир берет. Анткени табиятка чыкканда биздин денебиз гана эмес көзүбүз да сергип калат.

Көз айнек кийип жүрүңүз

Күн чыгып турган кезде күндөн коргоочу сапаттуу көз айнек ийип жүрүү кажет. Көзүңүздү коргоодон мурун ага зыянын тийгизген арзан көз айнек албаңыз. Көзүңүздөн акча аябаңыз.

Көбүрөөк жашылча жеңиз

Жашылча жемиштер көзгө өтө пайдалуу. Өзгөчө кзылчаны көп жеп туруңуз. Анткени анын курамындагы жез көздүн кыраакылыгын күөтсө, темир кандын кызыл бөлүкчөлөрүнө таасир берет.

Көзүңүздү дем алдырып туруңуз

Эгер сиздин жумушуңуз компьютер менен же китеп окуу менен байланыштуу болсо көздү дем алырыңыз. Бир чекитти 30 секунд карып туруунун өзү көзгө жакшы таасир берет.

Кан басымдын деңгээлин текшерип туруңуз

Көптөгөн көз оорулар кан басымдын жогорулашынан пайда болот.

Жумуш учурунда көзайнек кийүүнү унутпаңыз

Өзгөчө хлорлонгон бассейинде сүзсөңүз же көчө жумуштары мене алектенсеңиз көзүңүз жабыркабашы үчүн көз айнек кийип алыш керек.

Ушул жөнөкөй кеңештерди кармануу менен көздүн көрүүсүн жакшыртып, көптөгөн жылдар бою өтө жакшы деңгээлде сактап калууга болот.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу