Көздүн көрүүсүн жакшыртуучу мөмө…

Австралиялык окумуштуулардын изилдөөсү боюнча бул мөмөнү күнүгө бирден жеп турган адам көздүн көрүүсүнүн начар болуусунун алдын алат экен. Себеби көздөгү сары чекиттердин жоголушу-көздүн начарланышына алып келет. Дал ушул апельсин мөмөсү көздөгү сары чекиттердин жок болуусунан коргойт.

“The Westmead Institute” университетинин окумуштулары 15 жыл бою изилдөө жүргүзүшкөн. Ал изилдөөгө эки миңден ашуун адам катышкан. Алар 50 жаштан ашкан адамдар. Анткени 50 жаштан кийин адамдардын көзүнүн көрүүсү начарлай баштайт. Көздүн начарлоосун кайсы бир дары менен токтотууга мүмкүн эмес. Ошондуктан аны мындан ары да өспөшү үчүн, жок дегенде күнүгө бирден апельсин жеп туруу жардамга келет.

Профессор Гопинанттын айтуусунда флафаноиддер да көздүн көрүүсүн жакшыртууга жардамга келет. Анткени флафаноиддерди биз бардык мөмө-жемиштердин түзүмүнөн кезиктире алабыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу