Көзгө эң кооптуу түс кайсы?

Учурдагы техникалык каражаттардын коомчулукта кеңири жайылуусу көз оорусун көбөйүүсүнө себеп болууда. Бойго жеткен улан-кыздар күнүгө жок дегенде жети саат убактыларын уюлдук телефон, планшет, компьютердин алдында өткөрөт. Ал эми 31-45 жаштагы курактагылар алты саат убактыларын коротот экен. Ошентип акыркы он жыл ичинде көз оорусуна кабылгандардын саны абдан арбыган. Жок эле дегенде биз техникалык каражаттардын алдында алты сааттан, он эки саатка чейинки убактыбызды коротот экенбиз.

Төмөнкүлөр көздүн көрбөй калуусуна себеп болмокчу

1.Диабеттиr ретинопатия

2.Глаукома

3.Катаракта

Көз үчүн эң кооптуу деп көк түс эсептелинет

Биз гаджеттер менен күнү — түнү бою достошуп калдык. Айрыкча жаш балдардын колунан уюулдук телефон түшпөгөнүн байкоого болот. Дал ушул гаджеттердеги көк түс көзгө күч келтирип, көрүүнүн начарлоосуна алып келет. Бул орчундуу маселе айрыкча он эки жашка чейинки балдар үчүн кооптуу болуп жаткандыгын адистер эскертишет. Ошондой эле 45 жаш курактан ашкан адамдар үчүн да абдан зыян. Эмнеге көк түс? Ал анткени дал ушул өң-көздүн чел кабыгын кургатып, анын бат чарчоосуна алып келет.

БУЛАК:.zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу