Көзгө эң керектүү витаминдер…

Көзүңүз ар дайым ден соолукта кармоонун бирден-бир жолу-туура тамактануу болуп саналат. Көзгө пайдалуу витаминдүү азыктарды колдонуу менен сиз көздө пайда болуучу оорулардын алдын алган болосуз.

Антиоксиданттар абдан маанилүү

Антиоксиданттар жана цинкке бай азыктар көздүн көрүүсүнүн начарлашынын алдын алат. Адистер С витамини (брокколи, клубника, перец), Е витамини (авакадо, кургак жемиштер), бета-каротин (сабиз, өрүк, шабдаалы, картошка ж.б.), жана цинк (тоок, нокот, үндүк) витаминдери көзгө абдан пайдалуу экендигин айтышат.

Балык

Лосось жана сардина балыктар көзгө өзгөчө пайдалуу. Анын курамындагы Омега-3 майы жүрөктүн бекем болушун жана көздүн жакшы көрүүсүн камсыз кылат.

Курамы углеводго бай тамак-ашты аз колдонуу

Курамы углеводго бай тамак-ашты аз колдонуңуз. Мисалга, ак нан жана куурулган тамак-аштар.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу