Күч органдарынын жетекчилери алмашабы?

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ишенимди актай албай жатканы боюнча сын-пикирлер арбын. Коррупция менен күрөштун алкагында Өткүрбек мырза өткүрлүгүн көрсөтө алган жок, Эт эмес же чел эмес позицияны карманды. Бийлик башкы прокурордун мындай илең-салаң ишинен майнап чыкпасын түшундүбү, айтор ээлеген кызматынан башка жакка жылдырмай болуптур.

Бирок кайра эле УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына алып барганы жатканын эшиттик. Тилекке каршы, бул кадам иш кылбаган чоркокко бир жерди кайра-кайра кетмендете бергендей эле кеп да.

Ал эми Коррупцияга каршы күрөшуү кызматынын башчысы Сагынбек Исмаилов ИИМдин эки тизгин, бир чылбырын колго алары кеп болууда. Учурдагы ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев болсо Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын ээлери күтүлүүдө. Башкы прокурорлук кызматка болсо ким келет деген маселе талкууда турган кези экен. Айрым билермандардын айтымында башкы прокурор кызматына Кылычбек Токтогулов келет деген кеп бар…

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу