КҮРӨШ КҮЧӨДҮ… Жеңиш ким тарапта…

Оппозициянын митинг, жүрүш сыяктуу акциялары апрель айында кандай деңгээлде улана турганы белгисиз. Текебаев менен Жапаровдун камалышы бир топ шайды оодарып койду. Ал эми Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүтүп баратканда тыңсынууну кыялданган эргулдардын деми “жалп” өчтү.

Негизинен саясый кырдаалдын чыңала турган сезону март, апрель айлары. Андан кийин бас-бастап калат. Баса, февралдын соңунда Текебаевдин камалышы менен оппозиция жааты катуу копшолуп, нааразычылык акцияларын баштаган эле, бирок барган сайын күчүн жоготууда. Бийлик болсо ого бетер үстөмдүк жасап, “атамекенчи” Төлөгөновду камакка алды. Дагы тизмеде Болот Шер, Байболов, Шыкмаматов ж.б. каармандар бар экени айтылууда. Мындай күрөш коомчулуктун бүйүрүн кызытып салды. Муну менен саясый кырдаалдын тынчып калышы күмөндүү. Майда-барат ыр-чырлар боло бермекчи. Кыргызстан күтүүсүз окуяларга бай келет эмеспи. Жакында Атамбаев Кремлге барып келгенден кийин саясаттагы жаңы өзгөрүүлөр жана КСДПнын талапкери такталуусу күтүлүүдө…

Булак: Азия Ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу