КҮНСОБОЛ: Текебаевдин кылмыш иши кайра каралышы керекпи?

Интернетте Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев баш болгон абактагы саясатчыларга 5-Май — Конституция күнүнө карата мунапыс жарыялоону президент Сооронбай Жээнбековдон суранган кайрылуу тарап жатат. Өмүрбек Текебаев коррупция боюнча айыпталып, 2017-жылдын февралында камалган. Ага кылмыш иши орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде козголгон. Былтыр 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.
SUPER.KG Текебаевдин кылмыш иши кайра каралышы керекпи деген суроонун негизинде собол салды.

ШЫКМАМАТОВ: «Эгерде адилеттүү заман орногон болсо, Текебаевдин иши кайра каралышы керек»

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Текебаевдин кылмыш иши саясий себептер, жалган жалаа менен токулганын белгиледи. «Текебаевдин кылмыш иши ойдон чыгарылган. Маевский менен укук коргоо органдары өнөктөш болуп, Текебаевди камоого болгон аракеттерин жумшаган. Аны камоо үчүн биринчи «Белизгейтти» ойлоп табышкан. Бирок ал тилегин ит капкан. Андан кийин Маевскийди пайдаланышты. Айтор, Текебаевди кандай гана жол болбосун түрмөгө отургузуу керек болчу. Эгерде адилеттүү заман орногон болсо, Текебаевдин кылмыш иши кайра каралышы зарыл. Мындан ары мыйзамдуулук болот, соттор адилеттүү чечим чыгарат деп коомчулук үмүт артып турабыз», — дейт Шыкмаматов.

АРТЫКОВ: «Текебаевдин кылмыш иши кайра каралышына каршымын»

КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков Текебаевдин кылмыш иши кайра каралышына каршы экенин билдирди. «Текебаевдин иши кайра каралышы керек деп айта албайм. Жаңы жагдай болсо каралышы керек. Бул боюнча Жогорку Соттун чечими чыккан. Эмне үчүн кайра каралышы керек? Аргументи жок эле кайра каралыш керек деген болбойт», — деди Артыков.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: «Саясий куугунтук болгон кылмыш иштердин баары кайра каралышы керек»

«Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев аталган сунушка кошула турганын белгиледи.«Текебаев тергөө иши жүрүп жатканда камакка алынган. Юридикалык көп келишпестиктер болгон. Юридикалык негиздемелер менен тергөө иши кайрадан жүрүшү керек. Анткени көптөгөн шайкеш келбеген маселелер бар. Эки тарапка тең ишти кайрадан кароо мүмкүнчүлүгү берилиши зарыл. Негизи саясий буйрутма, саясий куугунтук болгон Канатбек ИсаевдинӨмүрбек Бабановдун жана башка иштердин баары кайрадан каралып чыгышы керек», — дейт Жээнчороев.

САЛЯНОВА: «Текебаевдин иши каралса, анда жүздөгөн адилетсиз иштердин кайра каралышына чоң үмүт пайда болот»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида СаляноваТекебаевдин кылмыш иши сөзсүз кайрадан каралышы керектигине токтолду. «Саясий буйрутманы берүү жана аткаруу процесси бүтүндөй элдин алдында эч тартынбастан, көз көрүнө, колуңардан эмне келет деген таризде болуп жатты. Акыйкат чечимди жалпы эл күтөт. Текебаевдин иши каралса, анда жүздөгөн адилетсиз иштердин кайра каралышына чоң үмүт пайда болот. Бул ишти кайра карап мыйзамдуу чечим чыгаруу бардык сотторго, прокурорлорго чоң эскертүү болот», — деди Салянова.

ЖАПАРОВ: «Бир бол» фракциясы саясий иштер кайра каралышы керек деген позицияда»

«Бир Бол» фракциясынан депутат Акылбек Жапаровсаясий иштер кайрадан каралышы керек деген пикирде. «Бир Бол» фракциясынын саясий иштерди кайрадан караш керек деген пикирин лидер Алтынбек Сулайманов маалымат каражаттарына айтып чыкты. Биз ошондой позициядабыз. Мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз зарыл. Бир кишинин эмоциясы менен эле кылмыш иши, сот иштери болбош керек. Ал үчүн Кылмыш-жаза кодекси деген бар. Мындан ары мыйзам жолуна түшпөсөк бири-бирибизди кырып бүтүп, башкаларга жем болобуз», — деди Жапаров.

РЫСАЛИЕВ: «Текебаев тууралуу менден сурабай эле койгулачы»

«Өмүрбек Текебаевди эмне эле баатыр кылып жатасыңар, ал болгону кылмышкер» деген оюн парламентте билдирген «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев бул жолу комментарий берүүдөн баш тартты. «Менден Текебаев жөнүндө сурабай эле койгулачы. Текебаев тууралуу суроого жооп бербейм. Туура түшүнгүлө», — деп Рысалиев суроого жооп берген жок.

БАКИРОВ: «Текебаев өмүр бою чындык, демократия деп жүрүп, кандайдыр бир коррупцияга аралашкан дегенге ишене албайм»

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Мирлан Бакироваталган сунуш кайра каралышы керек деген оюн билдирди. «Өмүрбек Текебаев Кыргыз мамлекетинин, парламентинин түптөлүшүнө чоң салымын кошкон белгилүү инсандардын бири. Бул кылмыш ишине Кыргыз коомчулугу эле эмес, эл аралык коомчулук дагы байкоо салып турат. Бул жерде саясий иш бар экени коомчулукта, маалымат каражаттарында айтылып жатат. Бул иш кайрадан калыс каралышы зарыл. Текебаев өмүр бою чындык, демократия деп жүрүп кандайдыр бир коррупцияга аралашкан дегенге ишене албайм», — дейт Бакиров.

КАРАШЕВ: «Мыйзам жол берсе каралса болот»

КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев: «Бардыгы мыйзам чегинде болуш керек. Мыйзам жол берсе каралса болот. Бул мыйзам менен чечилиши зарыл», — деп жооп берди Карашев.

БААТЫРБЕКОВ: «Коомдо саясий иш деп айтылгандын баары кайрадан каралуусу зарыл»

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбековсаясий иштер кайрадан каралышы керек деген пикирин айтты. «Жалгыз эле Текебаев эмес, башка саясий кылмыш иштери дагы каралуусу зарыл. Менин билишимче, башкы прокурор ошол иштердин баарын кайра көзөмөлгө ала турганын айткан», — дейт Баатырбеков.

Булак: Супер Инфо 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу